www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда коррупциянын алдын алуунун заманбап механизмдери жана эл аралык тажрыйбалар талкууланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-октябрда ИИМ менен Борбордук Азия боюнча Конрад Аденауэр фонду биргеликте «Коррупциянын алдын алуунун заманбап механизмдери: эл аралык стандарттар жана регионалдык практикалар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү.
Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков, ИИМдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, Президенттин алдындагы Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нуруйпа Муканова, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Улан Кимсанов жана мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Конференцияда коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу, коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, аларга өбөлгө түзгөн себептерди жоюу жана санариптик инструменттерди колдонуу маселелери каралды.
Ошондой эле Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын коррупциянын алдын алуу жаатындагы тажрыйбалары салыштырылып, учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн практикалык жолдору талкууланды.
Жыйынтыгында коррупциялык укук бузуулардын алдын ала белгилерин аныктоо жана эскертүү механизмдерин өркүндөтүү, мамлекеттик кызматкерлердин коррупцияга каршы укуктук аң-сезимин жогорулатуу жана жарандардын коррупциялык тобокелдиктер тууралуу маалымдуулугун күчөтүү боюнча сунуштар айтылды.