www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы 8 жылдан бери кыргыз саясатындагы боло турган окуяларды алдын ала айтып, анысы көп учурда дал келген айтымчы Света Тойгонбаева менен байланышып, саясий кырдаалдар жана өлкө жетекчилери тууралуу маек курдук.
- Света айым, саламатсызбы! Сиздин төлгө көп учурда төп келип жатат, эми кыркы кырдаалдар боюнча кеп салсак. Коомчулукта Садыр Жапаровдун агасынын айланасындагы «алтынга» байланыштуу кептер чыкты. Анын канчалык чындыгы бар?
- Ооба. Бул кишиге чоң кара пиар кетти. Анын чындыгы бар. Өзү алдын албаса инисине зыяны тиет. Бул эле эмес Садыр Жапаровдун балдары да аралашып жаткан иштеринен алыстабаса, жакынкы күндөрү президентке терс окуяларды алып келишет.
- Учурда өлкөдөгү жасалып жаткан саясий иштердин элдин жашоосуна тийгизген таасири кандай болуп жатат?
- 31-августта казан асып, түлөө өткөрүлдү. Анысы жылкынын өлүмү менен коштолгону кайра жамандыктын белгисин берди. Ошончо чоң иш баштаганда мындай жагдайларды эске алышы керек эле. Ал түлөөнү негизи ажо жанынан өткөргөн жок. Азыр ажодон көп нерсе көз каранды. Бул нерселердин алдын албаса жакынкы күндөрү жаман окуялар болушу мүмкүн. Эл арасындагы сөздөрдү туура кабыл албаса, Кыргызстанда жакынкы аралыкта чоң өзгөрүүлөр болушу күтүлөт. Президент сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек.
- Президент депутаттарды да «никто» кылып койду. Душмандарын көбөйтүп жаткан жокпу?
- Көбөйткөн жок. Өзү душмандары ашыгы менен көп. Президент депутаттарды четке какканы менен өзүнө туура эмес иштерди, жаман жүктөрдү алып жатат.
- Алар мейли. Деги элдин жашоосу кантет?
- Эң аз күндө элге кыйынчылык, жакырчылык келет. Коңшу өлкөлөр Кыргызстанга жакшы көз караш менен карабай жатат. Бул да жакшылыктын белгиси эмес.
- Баса, Акылбек Жапаровдун иши тууралуу айта кетсеңиз? Өзүңүз билгендей карапайым эл ал кишинин ишине нааразы...
- Акылбек Жапаров азыр тең салмактуулукту кармайм дегени менен өзүнө көбүрөөк зыяндуу иштерге аралашып жатат. Бул адам жолун ачтырбаса алдыңкы күндөрү туңгуюкта турат.
- Камчыбек Ташиевдин жасап жаткан иши жөнүндө эмнелерди айта аласыз?
- Ташиевдин жакшы иштери көп. Башында «жолу ачык деген» деген аян түшкөн. Азыр андай аяндар жабылды. Ал кишиге бийлик башындагылар эле кара дуба кылып жаткандай. Өтө көп жакшылыктары бар, бирок өтө чоң кара жолдун башында турат. Жанында эки киши бар жарга түрткөнү калды. Булар бийликке келе электен мурда Ташиевге бир түш аркылуу аян берилген экен. Ал киши ошол түшкө кайра башынан эстеп, амал кылбаса караңгылыкта турат. Кыргыздарда түшкө маани берүү илгертен бар. Амал кылсын. Нааразылар көп.
- Президенттин тегерегинде иштеп жаткан адамдардын бири Каныбек Туманбаев тууралуу айта кетсеңиз?
- Туманбаевдин иши көп кишинин көңүлүн толтурбай эле. Мурда кийин да саясаттын башындагылар менен аралашып жүргөн. Аягында ушу саясаттын курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Кандай жол тутушу керектигин өзү билет экен. Көп кишинин акылын алдын ала уурдаган адам. Абайласын.
- Учурда активисттердин камалып жатканы боюнча эмне айта аласыз?
- Азыр өлкөдөгү ротация иштери бир гана зыянын тийгизип жатат. Укук коргоо органдарында башаламандык. Камоолор, куугунтуктар токтобосо ушул айларда элдин толкундоосу болот. Бул боюнча чалгындоо кызматы иш алып барып жатат. Бирок жеткиликтүү эмес. Даярдык тоонун сол капталында жүрүп жатса, алар тоонун чокусун карап жүрүшөт... Маани беришсин.
- Президент тактыда мөөнөтүндө отурабы?
- Садыр Жапаровдун саясий журналисттери, кеңешчилери аны аңга алып баратышат. Алардын четтен алып келген касиет-күчтөрүнүн, тазалап жаткан кишилеринин эч кандай таасири жок. Ошону эске алсын.
- Бийликти кетет деп жатышат...
- Эми мен 2014-жылдан бери Кыргызстандын саясатчылары жөнүндө айтып жатам. Биз Кыргызстандын келечеги үчүн гана айтабыз. Аны бурмалабагыла. Бул бийлик аябай сактанышы керек. Мага так аян түшүп турат. Аны айтсам эл менен бийликтин ортосунда кагылышуу болот. Ал эми келе жаткан президент Кудай колдоосу менен келет. Кандай киши экенин так айтпай эле турганым дурус.
Булак: NazarNews.kg