www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү жөлөк пулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, программа июль айында ишке киргенде 191 миң 796 арыз түшкөн. Учурда арыздардын саны дээрлик 52 миңге көбөйүп, 26,6%га өскөн.

Арыздардын 83%ы «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук түрдө берилсе, 17%ы аймактык бөлүмдөргө тапшырылган.

Министрликтин маалыматына караганда, учурда арыздар этап-этабы менен иштетилип, маалыматтар кошумча текшерилүүдө. Кезектеги төлөмдөр арыздар иштелип чыккандан кийин 10–11-сентябрга чейин жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, «Бала ырысы» жөлөк пулу төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки ар бир балага айына 1 200 сомдон берилет. Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган балдар үчүн төлөм райондук коэффициенттер эске алынып эсептелет.

Последние новости