www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) америкалык аскерлер Ирандын беш мунай танкерин жок кылганын билдирди. Бул тууралуу ТАСС жазды.
«CENTCOM күчтөрү 8-сентябрда Ирандын беш мунай танкерин жок кылды. Буга Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу акыркы эки күндүн ичинде АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн кемелерине эки жолу баллистикалык ракеталар менен сокку урганы себеп болду», — деп айтылат командачылыктын билдирүүсүндө.
Маалыматка караганда, Оман булуңунда жайгашкан Kaviz, Charminar, Horizon 1 жана Riesco танкерлерине, ошондой эле Харк аралынын жанындагы Derya кемесине сокку урулган.
Өз кезегинде Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн элиталык бөлүгү болгон Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШнын эсминецтерине баллистикалык ракеталар менен ийгиликтүү сокку урганын билдирди.
Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы тараткан билдирүүдө КСИРдин Аэрокосмостук күчтөрү баллистикалык ракеталарды колдонгон операциянын жүрүшүндө DDG-119 жана DDG-53 эсминецтерине сокку урганы айтылат. Билдирүүгө ылайык, кемелер олуттуу зыянга учураган.