www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 9-сентябрдагы жыйынында Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом кабыл алды.

Өзгөртүүлөр комиссия мүчөлөрүнүн жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Айрым бошогон орундар резервдеги талапкерлердин эсебинен толукталды.

Тактап айтканда:
Баткен шаардык АШКда Камбаров Акынбек Осконовичтин ордуна Калилов Рустам Нийматович киргизилди.

Кочкор АШКда Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзаданын ордуна Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна киргизилди.

Тоң АШКда Айтказы уулу Мараттын ордуна Качкынова Назгуль Сарыгуловна киргизилди.

Кемин АШКда Джумагазиева Аэлита Байышовнанын ордуна Омуркулова Багдагул Зарлыковна киргизилди.

Сокулук АШКдан Медербек кызы Жылдыз чыгарылды.

Кара-Балта АШКда Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековнанын ордуна Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна киргизилди.

Панфилов АШКда төрт мүчө чыгарылып, алардын ордуна Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович жана Сагымбаев Каныбек Асанбекович киргизилди.

Последние новости