www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген эки жаран кармалды. Бул туурасында борбор калаанын ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, Бишкектеги Исанов жана Пржевальск көчөлөрүнүн кесилишинде баңгизаттарды жашыруун жайларга катып кетүүгө шектелип 2004-жылы туулган Б.С. жана 2006-жылы туулган Э.К. аттуу жарандар кармалган.
Жеке тинтүү учурунда кармалгандардын биринен ак түстөгү изолента менен оролгон үч таңгак, экинчисинен келип чыгышы белгисиз зат салынган ушундай эле эки таңгак табылып, алынган.
Мындан тышкары, кармалгандар буга чейин баңгизаттарды катып кеткен жашыруун жайларды көрсөтүшкөн. Ал жерлерди кароо учурунда келип чыгышы белгисиз болгон зат салынган дагы 20 таңгак табылган.
Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Учурда тиешелүү тергөө иштери улантылууда.
