www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Цирк ханышасы, балерина, фотомодель, ырчы жана актриса Светлана Аширова “Алдадың”, “Сүйүүгө таазим”, “Сага”, “Шашпа” аттуу клиптерге тартылып, “Салам Бишкек” тасмасында роль жараткан. Ат үстүндө түрдүү оюндарды көрсөтүп, татынакай келбети менен таланты шайкеш келген ажарлуу айым бизде мейманда.
-- Светлана айым, көп кырдуу талант ээси экениңизди билебиз, чыгармачылыкта кандай жаңылыктар бар?
-- Туура. Спорт менен маданиятты бирдей алып кетүүгө куштармын. Андыктан ар дайым чыгармачылык менен алек болуп, өзүмдү он беш кесипте сынап жатам. Чыгармачылыктагы негизги жаңылыктардын бири 2-март күнү Салбуруун федерациясы менен биргеликте Сауд Арабиясына кеткени жатабыз. Ал жактын элине биздин мамлекеттин маданиятын тартуулап, тайганчылар, кушчулар ж.б таланттуу адамдардын баары барышат. Мен ат үстүндө оюн көргөзөм. Режиссердун милдети да менин мойнумда. Андан сырткары, Испания жана Чехия республикасына иш сапар менен баруу пландалууда. Учурда кызуу даярдык көрүп жатабыз. Ошондой эле ырчы катары буюрса, жакынкы күндөрү патриоттук сезимдеги жаңы ырымды тартуулайм. Ар тараптан ийгилик жаратып, өзүм күчтүү айым болгонум менен жандүйнөм өтө назик, сезимталмын. Сюрреализм художниктери өзөгөчө көз караштагы, сезимтал адамдар болушат эмеспи. Мен да сюрреализмге абдан кызыгып, сүрөттү жакшы тартам. Башка кесиптердей сюрреализмди үйрөнүү мүмкүн эмес, ал тубаса талант катары бааланат.
-- Ат үстүндө оюн көргөзүү кыздар үчүн өтө эле кооптуу болсо керек?
-- Албетте, кооптуу. “Ат” дегенде эле биринчи көз алдыбызга ылдамдык элестетилет эмеспи. Ар кандай жаракат алган учурлар көп кездешет. Далай жолу буту-колум сынып, кулап, аттын алдында калып, ат сүйрөп кеткен учурлар да болгон. Бирок, көңүлүм калбай өжөрлүгүм менен кыйынчылыкты жеңип кеттим. Азыр эми кесипкөй болуп калдым, коркунучтар азайды да. Өз жумушуңду сүйсөң, аны баары бир кыя албайт экенсиң. Аба гимнастикасында иштейм, ал жак да кооптуу, бирок, абдан кызыктуу. Ар бир кесиптин күңгөй жана тескей жактары болот. Андан сырткары, фитнес залда машыктыруучу болуп эмгектенип, өзүм да бокс менен машыгуудамын. Көп тил билгендиктен чет мамлекетке чыкканда котормочулук менен да алектенип калмайым бар.
-- Кайсы тилдерде эркин сүйлөйсүз?
-- Кыргыз тилин билүү биздин милдетибиз. Аны эсептебегенде орус, казак, өзбек, француз, түрк, испан, англис тилдеринде эркин сүйлөйм жана корей тилин анча-мынча өздөштүргөм. Адам канчалык аракет кылса, ошончолук берекет болот. Ар тармакта эмгектенген адамды көпчүлүгү “акча табууну көздөйт” деп ойлойт экен. Бирок, кесип тандоодо мен үчүн акча маанилүү эмес. Андыктан, котормочулук жаатында бекер деле жардам бере алам. “Ушунча кесиптин ээси тил үйрөнүүгө кантип жетишмек эле?” деген суроолор туулушу мүмкүн. Негизи чет мамлекетке фестивалдарга барууда биздин келишимге “кайсы мамлекетке барсаң, ошол жактын тилин үйрөнүп, маданияты менен таанышуу абзел” деп жазылат. Андыктан, чет мамлекетке чыгууда тил үйрөнүү баарына эле тиешелүү. Көп тил билген адам кор болбойт! Канчалаган мамлекеттерди кыдырсам да Кыргызстанга эч бири жетпейт. Бизде төрт мезгил бар, табияты кооз, таза аба дегендей. Биздикиндей керемет жерди көрүүнү көксөгөндөр четтен табылат.
-- Байкашымча, жеке жашоону унутуп, карьерага басым жасагандайсыз?
-- Чындыгында жеке жашоом сыр бойдон калса дейм. Негизи сүйүүсүн арнап, колумду сурап келген мырзалар көп. Бирок, көпчүлүгү кызганчаак жана үйдө отурууну талап кылышат. Кызганчаактык баардык ишке тоскоол болуп, аялзатын чүнчүтүп коёт. Мен келечекте үй-бүлө менен чыгармачылыкты бирдей алып кетүүнү эп көрөм. Ошол шартыма макул болуп, колдоо көргөзсө, балким, мен да аны колдоого аракет кылаттырмын. Менин жанымда жүргөн мырза физикалык, моралдык жана руханий жактан менден он эсе күчтүү болсо дейм. Анткени, мага чечкиндүү мырзалар жагат. Билимсиз, алсыз мырзалар менин жанымда жүрө албайт.
Назима Жумаева
Булак: “Азия Ньюс”