www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 “Кухняда” отуруп алып, элдин баарын “Чоң казатка” чакырган Сыймык Жапыкеев деген эргулдун жеткен коен жүрөк жана жалганчы экени акырындык менен аныктала баштады. Ашканадан сыртка чыккандан коркуп, жөн эле видео аркылуу “баатырсынган” Жапыкеев Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин дарегине бир топ сөздөрдү айткан болчу. Анын мүлктөрүн санап, жалпысынан 2,5 миллиард долларлык байлыгы бар деген эле. Анан элдин баарын байлардын үйүнө барып, мүлктөрүн тартып алууга чакырык жасаган.

Ошондон улам Жумалиев Жапыкеевдин үстүнөн арыз жазып, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылган. Анын арызынын негизинде Ленин райондук соту ишти карап, натыйжада Сыймык Жапыкеевди “соцтүйүндөгү өз баракчасына жалган маалымат жазганы жана Жумалиевдин ар-намысына шек келтиргени үчүн” 10 миң сом өлчөмүндө айып төлөө чечимин кабыл алды. Мындан сырткары Жапыкеев өз баракчасында буга чейин жазгандарын жокко чыгарышы керек.
Кыргызда “Эрдик кылсаң сүрө кыл” деген сөз бар. Жумалиевдин мүлктөрү тууралуу коомчулукка айтып чыккандан кийин, Жапыкеев анын баарын сотто документтер, фактылар менен далилдеп бериши керек эле. Жөн эле “кухняда” баатыр болуп, буркан-шаркан түшүп, анан сотко барганда “мышыкча” “мыелоп” отуруп калганына жол болсун.

"Чыркыраган чындык" баракчасынан алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости