www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Араб Эмирлигинин түндүк-чыгышындагы Аджман аймагындагы базарда ири өрт чыкты. Бул тууралуу The National жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, өрт 5-августта жергиликтүү убакыт менен саат 18:30да башталган. Тилсиз жоо менен өрт өчүрүүчүлөр 2,5 саат күрөшкөн.

​Жергиликтүү полиция жетекчисинин айтымында, базардын айрым жерлери такыр эле өрттөнүп, күлү гана калды. Бирок жабыркагандар болгон жок. Анткени акыркы төрт айдан бери карантинге жабылып турган.

Учурда полиция өрттүн себебин иликтеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости