www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Финансы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Жогорку Кеңешинин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин коррупциялык иштерге аралашы боюнча маселе акыркы кундөрү тынчып калганы эмне себептен экендигин билдирди. Ал эми "Кактус медиа" Жапыкеевдин жоопторун жарялады.
Ал депутаттарды кармап келип абакка киргизчудөй (хулиган) эмес экендигин айтып, учурда бул иштердин текшерип жактандыгын кошумчалады.
“Жумалиев бул эми азыр депутат да, буларда иммунитет деген болот. Учурда бул иштин баарын текшерип жатабыз. Акырындан бүт баарын эки үч айда сонун кылып токтотуп коюуптур. Азыр кайра жандандырып атабыз. Ал эми алар хулиган эмес, депутаттарда да, сразу эле алып келип киргизип коеюн десе, сен минтип коюпсун деп. Муну деген караш керек”, -деп билдирди Жапыкеев өз сөзүндө.
Эске салсак, 20-октябрда Финансы полициясы Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиевдин Кыргызстандан чыгуусуна тыюу салган. Ага карат тергөө иш-аракеттери жүрүп, Жумалиев негиздөөчүсү жана жетекчиси болгон же уставдык капиталда үлүшү бар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктаган. Мындан тышкары, Жумалиевдин жакын туугандарынын көптөгөн мүлктөрү табылганы маалым болгон.
Ал эми депутат Кубанычбек Жумалиев өзүнө карата Финполиция тарабынан болгон тинтүү мыйзамсыз деп, Сыймык Жапыкеевди сотко берээрин айткан болчу.
Булак: NazarNews.kg