www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сын өстүрөт дегенге ишендик...

Бизде эмнегедир коомчулукка терс жоруктарың менен таанылсаң, ичип-жеген коррупционер атыксаң кызматың жогорулап, депутат, министр болуп тез эле бийиктеп кетесиң.

Ушул нерсеге карапайым калктын эч эле акылы жетпейт. Кылган иши, акылга сыйгыс жоругу сынга алынып талкуулангандар, бир карасаң соттолуп, абакка кесилип жаткандар, көп өтпөй күпүлдөшүп эл башкарып жүрүшкөн болушат.

Мына, 2016-жылы Бишкек шаарынын баш прокурорлук кызматын ээлеп турган учурда жардамчысына зонтик карматып турган сүрөтү чыгып, текеберлик жоругу коомчулукта кызуу талкууга алынган Нурлан Сулайманкулов президенттик аппараттын сот жана прокуратура менен өз ара кызматташтык бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды!

Мындан улам эл кимди сынга алып, жосунсуз адат, кылыктарын, кызматтык ишмердигин сынга алып чуу түшсө, бийлик ошолорго чап кенедей жармашып, атайын өчөшкөндөй кызматын жогорулатканы элин сыйлабаганы эмеспи.

Сулайманов мурда эле текебер "кокуй" эле, эми минтип чоң кызматты ээлеп отуруп калды, арты жакшы болсо экен! Дегенибиз, коомдун көзүн "жоорутуп" көнгөн адатынча 7 жыл мурунку жоругун кайталабаса болгону...

Булак:NazarNews.kg

Последние новости