www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сыргабаевге “мыйзамдын сыйыртмагы” салынабы?

“Кыңыр иш кырк жылда билинет” деген, кыргызда таамай айтылган макал бар. Бирок азыркы заманда ким кыңыр ишке барса, кырк жылга жетпей эле тез эле айыбы ачылып, былыгы булайып чыгып калган учурда жашап жатабыз. 

Мына айталы, өкүл атасы Камчыбек Ташиевдин түртмөлөөсү, көтөрмөлөөсү менен баш айланткан карьера жасап, түшүнө кирбеген бийиктикке чыккан Абсаттар Сыргабаевдин учурда түн уйкусу бузулуп, оңдуу уктай албай жаткан кези.

Себеби, даремети, деңгээли анчейин эмес болгонуна карабастан, айыл өкмөтүнүн башчысынан дароо эле облус башчылыгына, андан Транспорт министри болуп ракеталык ылдамдыкта секирик жасады. Албетте, жөндөмү болуп, мамлекет үчүн ийгиклик жаратса кеп жок эле. Тилекке каршы, андай болбостон, “кожоюндарынын капчыгы үчүн” иштегени айтылып жатат. 

Учурда тиешелүү укук коргоо органдары тыкыр иликтеп укуктук баа беришсе, мандемдүү кыңыр иштери ачылып, мыйзамдын укуругу мойнуна илингени турат. 

Дегенибиз, жол курууда Ташиевдин баласы Таймурас Ташиев менен мурдагы министр Нурлан Сулмаймановду монополист кылып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян алып келгени боюнча бир топ иштер текшерилип жатканы айтылууда. Албетте, май кармаган бармагын жалайт болгон табакташ, ырыскылаш иштери аныкталса керек.

Демек, мыйзам чегинде конкреттүү мыйзам бузуулар далилденсе Абсаттар мырзанын абийри ачылып, укуктук жоопкерчиликке тартылышы ажеп эмес. Учурунда Камчыбек Ташиев өзү Сыргабаевдин үстүнөн арыздар түшүп жатканын жыйында айткан. Бирок айтылган сөз ошол жерде калып, укуктук баа берилбей калган. Эми ошол сөздөрдүн аныгына жетчү учур келди.

Последние новости