www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы Сайкал Садыбакасова өзүнүн башынан өткөргөн акыркы мезгилдеги күндөрү тууралуу кыскача ыраазычылык кылып жанынан карыш чыкпай, мээримине бөпөлөп, канатына калкалаган апакеси Гүлшайыр Садыбакасова жөнүндө эки ооз сөз ыраазычылык кебин айткан.

- Башымдан оор күндөр өттү. Төрт айдан ашык убакыт катуу ооруп, кайра-кайра ооруканага жатып көзүм чачыраган күндөрдө мага моралдык жана материалдык жардам көрсөткөн, дары-дармектеримди Москвадан, Грузиядан алдырып, айыгып кетишиме түздөн-түз жардам берген, ыйласам кошо ыйлап, көңүлүмдү көтөрүп, жанымдан жылбаган алтын апама чексиз ыраазычылыгымды билдиремин! Башыңа оор күн түшкөндө, жаныңда сени чын дилден сүйгөн адамдар гана калат экен. Кимдин ким экендиги, ушундай сыноолордо билинет турбайбы!- дейт ырчы.

Эске сала кетсек, Сайкал Садыбакасова жолдошу Максат Довранов менен ажырашып кеткени тууралуу ар-кандай кептер тарап жаткан маалы. Биздин ишенимдүү булактардын маалыматтарына таянсак, түгөйлөр мыйзамдуу түрдө ажырашууга арызын жазып эки ажырым жолго түшкөндөрүн жазып чыкканбыз. Түгөйлөр бул чечимди жай мезгилинде эле кабыл алып, сентябрь айынын башында арыз жазышкан. 

Чыгармачылыктан алыстай түшкөн таланттуу ырчы айымдан эми жагымдуу ырларды жана клиптерди күтөбүз. Мукам үндүү эрке кызыбыз ооруулардын баарын жеңип жаңы дем менен чыгармачылыкты улантат деген ишенимдебиз. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости