www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында майыптарга бериле турган батир мыйзамсыз бөлүштүрүлгөнү аныкталды. Атайын кызмат 1-октябрда билдиргендей, 2017-жылы Анар кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн берилген батир ээлеринин сегизинде тийиштүү документтер жасалма болуп чыккан.

32 адам батир алганга чейин Оштун башка райондорунда, Жалал-Абадда жана Бишкекте жашаганы такталды. Андан тышкары, Кыргызстандын Турак жай кодексиндеги 44-беренеге ылайык, “батирлер I жана II топтогу майыптарга кезексиз берилет” деген эрежеге карабай, III топтогу майып тогуз киши да үй алганы аныкталган.

Мыйзамсыз батир бөлүштүрүүнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматы мурда козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзгөн териштирүүгө ылайык ашкере кылды. Расмий маалыматта Ош мэриясынын жана турак жай, тиричилик комиссиясынын жооптуу адамдары жең ичинен иш бүтүргөн деп кылмыш иши ачылганы айтылат.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-305-315-беренелериндеги кылмыш белгилери боюнча иш ачылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости