www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын “Диссернет” коомун негиздөөчүлөрдүн бири, физик Андрей Заякин кыргызстандык илимпоздордун эмгегинен чыккан плагиат боюнча маалымат берет деп билдирет "Азаттык". Аталган коом ушул жылдын июнь айынан тартып Кыргызстанда жазылган илимий эмгектерди текшере баштаган. Анын максаты жана жыйынтыгы туурасында 1-октябрда Бишкекте өтө турган маалымат жыйында жергиликтүү юрист жана иликтөөчү-журналисттер менен бирге айтып берет.
“Диссернет” 2013-жылы түзүлүп, андан бери Орусияда миңдеген илимий эмгектерге экспертиза жүргүзгөн. Жыйынтыгында 200дөй киши илимий даражасынан ажыраган.
Буга чейин Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Илим департаменти каржылаган илимий-изилдөө иштеринин 43ү мыйзам бузуу менен жазылганын аныктаган. Мунун ичинен 30 иш уурдалган, 13ү каржылоо тизмесине мыйзамсыз кошулган деп табылган.
Башкы көзөмөл мекемеси кабарлагандай, уурдалган эмгектерди каржылоого 18,5 млн. сом, ал эми мыйзамсыз тизмеге кошулган изилдөөлөр үчүн 5 млн. сом мамлекеттик бюджеттен төлөнгөн.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 30дай диссертациялык жана 200дөй кандидаттык иш жазылат жана анын 10 пайызы комиссиянын сынынан өтпөй калат. Ага карабай өлкө боюнча илимдин докторлору 800гө жетип, кандидаттар үч миңден ашкан.
Буга чейин белгилүү саясатчылардын эмгегинде дагы плагиат табылганы кабарланган.
Булак: NazarNews.kg