www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын Жогорку соту Мамлекеттик миграция кызматын казакстандык журналист Жанара Ахметке качкын макамын берүүгө милдеттендирди. Буга чейин украин прокуратурасы куугунтуктоолордон улам Казакстандан качып келген журналистти мекенине өткөрүп берүүнү талап кылган.
"Ал Украинада калат. Демек башкача ой жүгүрткөндүгү жана журналисттик тексттери үчүн мекенинде камакка алынбайт", – деп жазды украин парламентинин депутаты Светлана Залищук.
Ахмет былтыр 21-октябрда Казакстандын талабы менен Интерпол тарабынан Киевде кармалган. Ошондон бери ал тергөө абагында камакта отурган. Мекенинде журналист алдамчылыкка айыпталууда.
Казакстанда Ахмет оппозициялык «Трибуна» гезитине макалаларын чыгарып, блогер катары оппозициянын бийликтин укук бузууларына каршы күрөштөрүн чагылдырып келген. Журналист Украинага кетээрден мурун Казакстанда ага бир нече кылмыш иши козголгон.
Украина жана Казакстанда активисттер менен журналисттердин көбү Ахметтин иши саясий мүнөзгө ээ экендигин айтып келишет.
Булак: "centralasian"