www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айлык акыны көтөрүү талабын бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери да коюшту. Атын атагысы келбеген кызматкерлердин маалыматы боюнча, облустун бардык аймактарынан өкүлдөр министрликке келип, нааразылыгын билдиришти.
5-мартта эмгек акыны көтөрүү талабын Бишкек шаарындагы өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери коюп, иш түйшүктүү экенине карабай, маяна аздыгына, зыяндуулук жана сыр сактоо үчүн кошумча берилчү акыларга да ээ болбой жатканына нааразы болушкан. Кээ бирлери пенсияга байланыштуу кыйынчылыктарды айтышкан.
Министрликтен алынган маалыматка караганда, ӨКМдин кызматкерлери ээлеген кызматына жараша 8 миң сомдон жогору маяна алышат. Ага ар кайсы жүйөлөр менен дагы сумма кошулуп берилет.
Булак: NazarNews.kg