www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Расмий Сеул Пхеньян эгер АКШ менен Корей жарым аралын өзөктүк куралдан тазалоо боюнча сүйлөшүүлөр уюштурула турган болсо, өзөктүк курал жана ракеталарды сыноону токтотууга макул болгонун да маалымдоодо. Ак үй азырынча бул билдирүүлөр боюнча расмий пикирин билдире элек деп жазды "Америка авазы".
Түштүк Корея президентинин кеңешчиси Чон Ый Ён шейшембиде маалымдагандай, Түндүк Корея АКШ менен денуклеаризация жана Пхеньян менен Вашингтондун мамилесин калыптандыруу маселелери боюнча "ачык" сүйлөшүүгө барууга даяр экенин билдирген. Кеңешчинин айтымында, Пхеньян эгер Түштүк Корея менен согуштук коркунучтар жок кылынса, өзөктүк программанын зарылчылыгы жок болорун түшүндүрүүдө.
АКШ президенти Дональд Трамп "Твиттердеги" баракчасында Түндүк Корея менен ыктымал болуучу сүйлөшүүлөр тууралуу маалыматтарды комментарийлеп жатып, көп жылдардан бери "бардык кызыкдар тараптар олуттуу аракет кылып жатышат" деп жазды.
Түштүк Корея өкмөтү шейшембиде Пхеньян менен апрель айынын аягында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө макул болгонун билдирген. Президент Мун Чжэ Индин басма сөз кызматы тараптар эки лидердин телефон аркылуу түз байланышын түзүүнү макулдашкан.
Булак: NazarNews.kg