www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Таабалды мырза, эмне себептен “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандап алдыңыз?

--“Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы көбүрөөк көңүлүмө жакын болду. Социалдык көйгөйлөр, элдин жагдайын оңдоо дагы бир топ жакшы программалар бар. Менин башкы максатым да элдин жашоо деңгээлин көтөрүү, жаштардын билим алуусуна шарт түзүү. Майыптуулугу бар жарандарга жетишерлик көңүл бурулбай жатат. Анан да эң башкысы – чек ара маселеси. Ал эми бүгүнкү жагдайда башкы ролду эл чечет. Ошондуктан талапкерлердин буга чейинки жасаган иши, элге кылган кызматын эске алуу менен эл бир аз тыйынга сатылбай, туура чечим кабылдайт деген ойдомун. «Мекеним Кыргызстандын» курамында жаштар жана тажрыйбалуу инсандар бар. Мен өзүмдү ушул курамда көрдүм.

--Сиз туулуп өскөн Баткен жергесинде чек ара маселеси чечилбей келет, жергиликтүү тургун катары чырга байланган чек ара маселеси тууралуу кандай ойдосуз?

--Өзүңөр күбө болгондой, бизде чек ара маселеси татаал бойдон калууда. Дал чек арада чыккан чырдан көптөгөн көйгөйлөр бар экенин көрдүк. Биз ар бир маселени Жогорку Кеңеште да көтөрүп чыкмайынча чечилбей турганына күбө болдук. Мен ошол Баткендин, чек арага чектеш Лейлек элинин кулуну катары, башка улуттар менен жанаша жашоо, алар менен болгон мамиле, жер талашка ичинен аралашып, көрүп-билген адам катары элимдин кең келечеги үчүн дал чек ара маселесин көп ирет көтөрүүмдүн да себеби бар. Лейлекте чынында жашоо татаалыраак. Биз кичинекей кезде тамеки айдап, тамекиге иштечүбүз. Анын жыты эле кишинин башын оорутат. Түйшүгү көп тамекини жерге отургузгандан баштап, аны өткөрүп берүүгө чейин тынбай эмгек кыласың. Түн ичинде отуруп, тамекинин жалбырактарынын өзөгүнөн жип өткөрүп тизип, күндүзү сугарып карап өстүрчүбүз. Ошол бала кезимде элдин турмушун, кыйналганын көрүп көп ойлончумун. Көп ирет суу талашып согушкан күндөр болду.

--Алгачкы саясатка аралашкан мезгилдерди эске салган учурларыңыз болобу?

--Мектепти бүтүп, шаарга келип, 1995-жылы экспедитор, Бишкек шаарындагы "Датка" ЖЧКсынын менеджери болуп иштедим. 1999-2000-жылдары “Сапат” соода үйүнүн башкы директорунун орун басары да болдум. Ошентип жогорку билимди 2005-жылы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба университетин бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча алдым. Буйрук экен, 2015-жылы «Республика-Ата Журт» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынан депутат болдум.

--Депутат болгон сырттан караганда оңой-олтой кызмат көрүнгөнү менен бир топ көйгөйлөр бар. Депутат болгондон кийин шайлоочулар ар кандай маселелер менен кайрылышат. Негизи эле депутат эмне жумуш аткарат?

--Депутаттык 5 жылдык мөөнөттүн ичинде ар кандай сөздөр айтылды, кара пиарлар, каралоолор болду. Ошого карабастан алга карай умтулуп, элдин көйгөйүн чечкенге, элдин үнүн өкмөткө жеткиргенге аракет кылдым. 34 мыйзам долбооруна демилгечи катары чыктым. 10 000 ашуун шайлоочуларды кабыл алып, алардын кайрылуулары менен таанышып чыгып тиешелүү чара көрүлдү. Аймактарды кыдырып 30дан ашуун ар кандай маселелер боюнча шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрдүм. Эми шайлоочулар менен кандай иштегениме эл баа берсин. Жасалган иштер тууралуу айтып отурууну туура көрбөйм. Жалпысынан кайрылган ар бир шайлоочунун маселеси менен иштегенге туура келет. Тилекке каршы, бардык эле маселени чечип берүүгө депутаттык ыйгарым укуктар жетишсиз. Айрыкча аткаруу бийлигине тиешелүү маселелер эл өкүлүнөн көз каранды болбойт. Шайлоочу муну да эске алышы зарыл. Депутаттын милдети – элдин жашоо турмушун жакшыртуучу мыйзамдарды жазып, демилгелеп, анын аткарылышын көзөмөлдөө болуп эсептелет.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости