www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчы салт болуп калган интервьюсун «Биринчи каналга» 5-сентябрда берди. Журналист тарабынан бир топ суроолор берилди. Алардын бири Аалы Туткучевдин 31-августта саясатты сындап айтканы болду.

— Быйыл Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 29 жылдыгын белгиледик. Бул датага арналган иш-чара, албетте, жылдагыдан өзгөчөлөндү. Пандемия шартында. Бирок, коомчулук тарабынан талкууланган нерсе башка болду. Акын Аалы Туткучевдин ырдаганы, ал козгогон темалар соцтармакта талкууга алынды. Айрымдар муну биздин коомдун ачыктыгы, жетишкендиги дешсе, айрымдары бул Президенттин саясатын сындаганы деди. Башка пикирлер да бар. Сиздин пикириңиз коомчулук үчүн кызык болушу керек.

 Аалы акыныбыз мамлекеттик саясатты, тагыраак айтканда, менин президенттик ишимдеги негизги багыттарды ырга салды. Бул, албетте, коомчулуктун көңүлүн бурат. Акын – элдин жарчысы да, биринчи кезекте.Мен да эл аралап жүрөм, элден көп кайрылуу келет. Ар кандай кайрылуу келет. Элди эмне түйшөлтөт, эмне маселе, кандай көйгөйлөрү бар, баарыбызга алаканга салгандай эле көрүнүп турат да. Элди кыдырып жүргөндө угуп атам. ЖМКлардан угуп атам. Биз ачык коомбуз. Ал көйгөйлөрдү капка салып, беките албайбыз.Баардык эл билет. Эл билген нерсени жашыра албайбыз.Мына, эки жылдан бери тынбай айтып келе жатам, бул айтылган маселелер боюнча. Иш жүрүп жатат. Айрыкча, өлкөнү санариптештирүү боюнча.Ошол эле бажы тармагын алалы. Бул көп жылдар бою, 20-30 жылдап калыптанган мамилелер, схемалар бар. Ошолорду биз азыр жок кылып атабыз. Бажыда эле эмес, көп тармактарда абал ошондой болуп келген. Болуп жаткан, көрүп жаткан нерселер менен күрөшүп жатабыз. Мына, менин өлкөнү санариптештирүү боюнча саясатымдын бирден бир максаты – ошол адам факторун жокко чыгаруу. Ошол тармактардагы коррупция элементтерин жоюу.Муну мен ойлоп тапкан жокмун. Дүйнөнүн көп алдынкы өлкөлөрү коррупция менен күрөштө санариптештирүү менен ийгиликке жетишкен. Бул аларга адаттагы көрүнүш болуп калган. Мурда да айткам, дагы айтам. Баарын камап түгөтө албайбыз. Мына ушул санарип бизди, өлкөнү, жалпы элибизди коррупциялык элементтерден куткарат. Ошол үчүн бул санарип саясатына абдан катуу көңүл буруп жатам.Барган жеримде, бир эле бажы эмес, салык эмес, сот системасына, айыл өкмөтүнө кирип жаткан санарип саясатын текшерип жатам.Элге кызмат көрсөтүүсүн, айрыкча мамлекетке, бюджетке түшүп жаткан каражаттарды санариптешмейинче биз мамлекеттин, бийликтин кадыр-баркын элдин астында көтөрө албайбыз. Эл коюп жаткан талапты биз аткара албайбыз. Аалы акыныбыз ошол саясатымды ырга салды. Ырга салып, айтты. Менимче, Аалы мырза менин жүргүзүп жаткан саясатымды элибизге дагы жакындатты. Мен мына ушундай кабыл алдым.Менин президенттик ишимди акындар ушинтип ырдап, коррупционерин коррупционер деп, коомдун оорусун көзгө сайып көрсөтүп турса, мындан эч жаман нерсе издеп кереги жок деп ойлойм.Күрөшүп жатабыз, убакыт керек болуп жатат. Элдин үнүн бийликке жеткирип эле тим болбой, аткаминерлерди чыйралтып, керек болсо тизгиндеп туруу – ушул биздин акындардын вазийпасы деп ойлойм.Андай мүмкүнчүлүк акынга бир келди. Бир келген нерсени айтып алды. Туура кылды деп ойлом. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, айта кетейин. Эмдиги жылы Эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылдыгын белгилейбиз.Кудай буйруса, азыркы илдетти жеңсек, жалпы элибиз менен бул датаны чоң сыймык менен белгилейбиз.Жакында атайын Жарлыкка кол коем. Даярдык иштерин эмитен баштап, маданий, тарбиялык, патриоттук иш-чараларды биздин сүйүктүү мамлекетибиздин Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата, даярдык иштерин баштайбыз. Жогорку деңгээлде өткөрөбүз деген ой-максаттарым бар. Буюрса, бир жылда өзгөрүү болсо, Аалы акыныбыз дагы чыгып ырдаса, айтып кетер ошол жетишкендиктерди.

— Рахмат, Сооронбай Шарипович, айтканыңыз келсин. Баарыбыз ошол күнгө күбө бололу. Убактыңызды бөлүп, өлкөдөгү маанилүү маселелер боюнча суроолорубузга жооп бергендигиңиз үчүн Сизге ыраазычылык билдиребиз. Жооптуу ишиңизди ийгиликтер коштосун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости