www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар кайсы багыттагы, ар кандай мүнөздөгү адамдар бири-бирине кошулуп атканын эптеп мен депутаттыкка барсам дегендин накта белгиси  деп билсе болот. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Турат Мадылбеков NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

“Шайлоо процесси баштала элек жатып, чыр менен бүтө турган болуп калды. Карап көрө турган болсок, 2015-жылга караганда 2020-жылдын айырмасы чоң.  Мына ушул 5 жыл аралыгында саясий партиялардын, лидерлердин пиринцивтеринин өзгөрүшүн байкадык. Ар кайсы багыттагы, ар кандай мүнөздөгүлөр бири-бирине кошулуп атканын эптеп мен депутаттыкка барсам дегендин накта белгиси деп билсе болот. Муну эч ким айта албайт, ушундай суроону койсо алар да жооп бере албайт. Ар кандай пиринцивтеги, ар кандай мүнөздөгү адамдардын биригиши, бүгүн бирөө менен сүйлөшүп, кайра 15-20 күндөн кийин башка партия менен сүйлөшкөнү туура эмес. Кыргыз элинин ичи чыкпаган мурунку VI чакырылыштын депутаттары же болбосо шайлоого катыша элек жарандар дагы элге башкача бир мүнөздө болгону же болбосо, негативдүү жагынан көрсөткөн адамдар да жүрөт. Барган сайын Жогорку Кеңешке кылмыштуу топтун жакындары  барып атат.  Бул дагы партиянын лидерлеринин чоркок ойлору. Бир-эки шайлоодон кийин кылмыштуу топтун өкүлдөрү келип мамлекетти башкарат дегенди билдирет. Азырынча ким өтөрүн айта албайм, шайлоодон кийин көрөбүз", - деди Мадылбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости