www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Масабиров быйыл Түркияда өтө турган кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунунун алкагында кыргыздардын “көк бөрүсү”  жана казактардын “көкпары” ойноло турганы тууралуу маселе көтөрүп чыкты.

Депутаттын айтымында, тийиштүү мамлекеттик органдар азыртан ушул маселесинин башын чечип алышы керек.

 “Алдынала макулдашууларга ылайык, Түркияда өтчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда “көк бөрү” ойнолмок. Бирок, акыркы маалыматтарга караганда, "көкпар" ойнолот экен деген да кабар бар. Менимче, макулдашуу болгондон кийин "көк бөрү" негизги оюн болушу керек, ал эми “көкпар” кошумча оюн катары ойнолсо ойноло берсин, ага каршы эмеспиз”, - дейт депутат Таалайбек Масабиров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости