www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дастан Бекешов: Президентке ыраазычылык билдирем...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-мартындагы жыйынында ар түрдүү маселелер каралып жатат.

ЖКнын депутаты Дастан Бекешов президентке ыраазычылыгын билдирди.

“Урматтуу президентибиз Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирем. Себеби, 9-майга карата согуштун ар бир ардагерине 75 миң сом бөлүү боюнча атайы указ чыкты. Бул өтө жакшы кабар болду. Ардагерлер ооруйт, дары алышы керек. Ошондуктан жакшы көмөк көрсөтүлдү”,-деди Бекешов.

Белгилей кетек, Улуу Ата Мекендик согуштагы фашизмди жеңүүнүн бүткүл дүйнөлүк тарыхый маанисин эске алып, кыргызстандык жоокерлердин улуу эрдигине терең урмат кылып, ардагерлерге алардын көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн ыраазычылык билдирип жана ошондой эле Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку төлөмдөр жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости