www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-мартта Бишкекте Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылган митингдин уюштуруучулары анын тынч, конструктивдүү мүнөздө, бекем тартипте өтө тургандыгын социалдык тармактар аркылуу көп кайталашкан. Анда экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин социалдык тармактарга жарыяланган постторунда митингдин бардык жоопкерчиликтерин өзүнө алган билдирүүлөрдү жасагандыгында жакшы билебиз. Ошентип, 2-мартта элди дүрбөтүп, айылдыктардын көпчүлүгүн чындап чочулаткан митинг да өттү. Ал эми жыйынтыктары кандай болду?

Тилекке каршы, митингдин жоопкерчилигин өздөрүнө алгандар укук коргоо органдарына берген, биринчи кезекте коом алдындагы милдеттенмелерин аткара алышпады. Алардын убадаларына ылайык, митингде Садыр Жапаровду бошотуу талаптары гана коюлуп, анан саат 17.00дө ага катышкандардын тынч таркап, өздөрү калтырган акырчикирлерди жыйнап да кетүүлөрү керек эле. Алгач сөз Садыр Жапаров жөнүндө башталып, конструктивдүү нукта баратып, арасына коррупциялык оор кылмыштар боюнча камакта жаткандардын жакындары, мастар, 2005-жылдагы төңкөрүштө, өзгөчө 2010-жылдын апрелинде мародёрлук боюнча тажрыйбалары барлар кошулгандан кийин биринин сөзүн экинчиси укпай, микрофонду көкбөрүдөй талашкан башаламандыкка айланып кетти.

Элибизде андайды” баланын үйү, Бапаныналачыгы, Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” деп коюшат. Анан алар өздөрүнө берилген убакта да митингди аяктабай, бир тобу Ак үй тарапка агрессивдүү маанайда жөнөшкөндө ИИМдин атайын бөлүктөрү тынч тарап кетүүнү эскертишти эле, ага алардын көпчүлүгү көңүл да бурушкан жок. Тескерисинче, бийликти басып алуу жөнүндө чакырыктар менен тартип сакчыларын ташбараңга алып киришкенде, алар агресивдүүлөрдүн бир тобун кармап, калгандарын суу чачмайлар, түтүндөр, үрөй учургудай добуш чыгаргычтар менен кууп таркатышты. Митингиге катышкандар качып баратышып, бир нече машинаны, айрым коомдук жайлардын терезелерин талкалап кетишкендиги айтылып жазылды. Ошентип Садыр Жапаровдун шылтоосу менен бийликке кыр көрсөткүсү келгендер өздөрү шерменде болушту.

Эми алар айрым жарандардын автоунааларына, коомдук жайларга келтирилген зыяндардын кенемтелерин төлөп берүүлөрү керек. Анткени, Каныбек Осмоналиев баш болгон уюштуруучулар митингдин тынч, тартиптүү өтүшүнө керт баштары менен кепилдик беришкендигин, жогоруда айтылгандай, социалдык тармактардан көп жолуктурганбыз. Мында көңүл бурчу нерсе, Садыр Жапаров өзү митингди өткөрүүгө каршы экендигин интернет аркылуу анын адвокаты таркаткан. Анткени, ал тажрыйбалуу саясатчы катары бийликке кысым, басым көрсөтүү аркылуу эч нерсеге жетише албашын, ага чындап боору ооруп, жаны ачыгандардын арасына авантюристтер да кирип алышып, жакындарына зыяндарын тийгизерин түшүнгөн. Бирок, анын атын жамынып алып, бийликке кыр көрсөткүсү келгендер анын өтүнүчүнө да көңүл бурушпастан, аяк жагы башаламандык менен аяктаган митингди өткөрүшүп, анын жана анын жакындарын өтө эле ыңгайсыз абалга кептеп ташташты.

Алар С.Жапаровду бошотууну гана суранбастан, “Садыр Жапаровду бир саатта бошотуп алып келсин!”, “Сооронбай Шарипович, аркасы чатак болот!” деген сыяктуу ультиматумдук талаптарды да коюшту. Алардын араларында Сапар Исаковду, Айбек Калиевди бошотууну талап кылгандар, аймактардын тургундарын бирибирине кайраштыргандар да жүрүштү. Демек, митинг С.Жапаровдун жакындары, чындап ага күйгөн тарапкерлери тарабынан аны боштондукка чыгаруу жөнүндө талаптарына элдин, бийликтин көңүлдөрүн бурууга максатында пландаштырылса, аны уктаса да түшүнө БШКнын төрагалыгы кирген Каныбек Осмоналиев сыяктуу мансапкөйлөр, АШАнын жана анын айланасындагы коррупциялык жана адам өлтүрүп, бир нечесин жарадар кылгандыгы, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген оор кылмыштары үчүн кармалып, айыпталып жаткандардын табакташтары, тилектештери, айрым чуусуз жүрө албагандар кыянаттык менен пайдаланып кетишти.

Социалдык тармактарда, айрым ЖМКларда митингге чейин жасалган жана митинг болуп жаткандагы ураан чакырыктарды, сөздөрдү дыкат сыдыргысынан өткөрүп чыккан адамга митингдин негизги максаты Садыр Жапаровду бошотуу эмес, бизде мурдатан жаман адат болуп калгандай жаздын башталышында саясый ызы-чууларды күчөтүп, анан мамлекеттик бийликти басып алуу максаты болгондугу байкалат. Садыр Жапаровду бошотуу талабы жөн гана митингди өткөрүүгө шылтоо гана болуп берди. Анткени, митингде Садыр Жапаровду бошотуу жөнүндө бир талап болсо, калган 12 пункттан турган талаптардын бардыгы саясатка, экономикага байланышкан маселелер экен. Айрымдар Кытайларга жерлерди бербөө, ээлетпөө керек деп да кыйкырып жүрүштү. Батыштын либералдык идеологиясынан баш тартып, улуттук идеологиябызды калыптандырышыбыз керек дегендер да болушту. Ал эми бир адам: “Эмне үчүн Текебаевди чыгарышат да, биздин Жапаровду чыгарышпайт? Бирөөлөр көлдүктөрдү лох деп жатышат” деп кыйкырса, экинчи бир кызуу адам: “биз ушул жерден разборка кылабыз, ошон үчүн ушул жерге келдик” деп жатты. Ал өзүн ал жерге кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн “разборкасына” келгендей элестетсе, биринчиси Текебаевге салыштырганда Садыр Жапаров “адамды барымтага алуу”, “массалык башаламандыктарды уюштуруу”, “мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу” сыяктуу оор беренелер менен айыпталгандыгын, аларга мунапыс ж.б. жеңилдиктер таркатылбай тургандыгын билбейт окшойт.

Чындыгында Ө.Текебаев деле биротоло бошонуп кете элек, ал дагы деле үй камагында отурат. Анысы канчага чейин созуларын бир кудайдын өзү билет. Ошентип тынч митинг деп аталган жыйындын артында Садыр Жапаровдун жакындары гана эмес, бийликти күч менен басып алууну эңсегендер да бар экендигин көрдүк. Аны митингге катышкандардын жумурткадай көлөмдөгү таштар менен милицияны ташбараңга алгандары дагы бир жолу ырастайт. Тынч митинг өткөрүп, талаптарды коюп таркап кетебиз дегендерге таштарды эмне кереги бар эле? Милиция менен кагылышканда пайдаланабыз деп даярданышып, таштар менен куралданып алышкандары айкын болуп жатпайбы!

Бир сөз менен айтканда, 2-марттагы митинг Садыр Жапаровдун бошотулуусун жактагандардын гана эмес, алысты болжоп, Кыргызстанды дагы бир төңкөрүшкө тушуктургусу келип жүргөндөрдүн, ич күптүлөрүн чыгара албай жүрүшкөн ар кошкон деструктивдүү күчтөрдүн да башаламан жыйыны болду. Тынч жыйын өткөрөбүз деп уруксат алып, анан өз убадаларын аткарбагандыктары, жарандардын мүлктөрүнө жана коомдук жайларга зыян келтиришкендиги үчүн митингдин Каныбек Осмоналиев баштаган уюштуруучулары керт баштары менен жооп берип, мыйзам чегинде тийешелүү жазаларын алсын! Элди дүрбөтүп, өлкөдө дестабилдүү абалды жаратууну көздөгөндөргө жаза катуу болушу керек!

Булак: "Майдан.kg"

 

Последние новости