www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 23-июнь - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктады:
«Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
Өткөн жылы коронавируска байланышкан оор абалда кесиптик майрамыбызды чогуу белгилей албай калганбыз. Сиздер да күнү түнү дарыгерлер, укук коргоо органдары сыяктуу кызмат кылдыңыздар. Быйыл да ушул айда акыбал оор болуп турат. Ошондуктан санитардык талаптарды так сактоо менен майрамдык салтанатты тар чөйрөдө өткөрүп жатабыз.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат — бул өзгөчө мамилени жана өз милдеттерин кесипкөйлүк менен аткарууну талап кылган чөйрө. Себеби, ар бир жашоочунун күнүмдүк турмушу биздин күнүмдүк аткарып жаткан ишибиздин күзгүсү десем болот. Анын таза аба менен дем алуусу, таза сууну ичүүсү, кооз, көрктөндүрүлгөн жайларда эс алуусу же жылуу үйдө уктоосу биздин өз ишибизге абийирдүүлүк менен мамиле жасоодон көз каранды экендигин унутпашыбыз керек.
Ал эми, мамлекет тарабынан берилген ыйгарым укуктарыбызды туура пайдалануу, андан аша чаап кетпөө, кызматтык милдеттерибизди так аткаруу элдин бийликке жана мамлекетке болгон ишенимин түзө тургандыгын билишибиз зарыл.
Соңку жылдарда кадрлардын сапатына, кесиптик даярдыгына ѳзгѳчѳ басым жасалып, конкурстук тандап алууга, кадрлардын резервин түзүүгѳ жана алардын кызматтык көтөрүлүүсүнө өзгөчө кѳңүл бурулуп келүүдө.
Биргелешкен аракеттерибиз менен алдыга койгон максаттарга жетип, экономиканын туруктуу өсүшүн, мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуу ишин камсыздайбыз деп ишенем.
Ушул залда отургандардын, учурда өз жумушунда жүргөн кызматкерлердин ар биринин шаарыбыздын өнүгүүсүнө кошкон салымы бар. Ал үчүн мен сиздерге ыраазылык билдирем.
Коомубузда кандай гана учур, кандай гана кырдаал болбосун биздин бир гана кызыкчылык – бул мамлекеттин кызыкчылыгы болушу керек. Мамлекеттин кызыкчылыгы бардык нерселерден жогору турушу абзел. Мамлекетте тынчтык болсо, ар бир үйдө тынчтык болот. Мамлекетте өнүгүү болсо, ар бир аймакта өнүгүү болот! Биздин жашообуздун, балдарыбыздын келечеги мамлекеттин тагдырына байланыштуу, андыктан ар бирибиз чын жүрөктөн мамлекетибизди сүйүшүбүз керек!
Урматтуу кесиптештер!
Өзүңүздөрдүн жогорку кесипкөйлүгүңүздөрдү, нравалык түшүнүгүңүздөрдү мындан да арттырып, Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматкери деген наамды татыктуу аркалап, келечекте өсүп-өнүктүрүп алып жүрүүңүздөрдү тилеп кетем.
Ар дайым сүйүктүү кесибиңиздерден баар таап, эл үчүн, мамлекет үчүн ак дилден кызмат кыла бериңиздер!
Жараткан Өзү колдоп, өлкөбүздө ар дайым тынчтык болсун, мамлекетибиз гүлдөп-өнүксүн! Майрамыныздар менен!»
Булак: NazarNews.kg