www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн,10-майда КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө кезектеги коллегиялык жыйын өттү. Бул тууралуу маалыматты жеринен Жумамидин Сулайманов билдирди. Анда облус аймагындагы болуп өткөн табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, жергиликтүү бийлик тарабынан аткарылып жаткан жумуштар жана чаралары, прокуратура, сот тармагы аркылуу жер, ссуда алып кооптуу участоктордон кетпей жашап жаткан калкты коопсуз аймакка көчүрүп чыгарууда чогу чаран иш алып баруу маселелери каралды. Андан сырткары үй-бүлөөлөрдү көчүрүүдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын кызматкерлери, кооптуу участокторду байкоого алууну жана көчүрүү иштерин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жеткиликтүү иштер алып барылбагандыгы айтылды. Бул маселе боюнча кайдыгер мамиле кылбастан мындан ары бирге кырсыктарды болтурбоо максатында тийиштүү чараларды көрүп, мамлекет тарабынан ссуда жана жер тилкелерди алып кооптуу участоктордон коопсуз жайга көчүү боюнча берилген эскертүүлөргө карабастан жашап жаткан жарандарды көчүрүү боюнча чечкиндүү иш алып баруу зарылдыгы белгиленди. Буга чейин да бир канча ирет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Н.Сарыбашов өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу багытындагы атайын чечимдери жана протоколдук тапшырмаларды берген. Алсак:

1. 2016-жылдын 21-декабры: Коопсуздукту жана укуктук тартибин камсыз кылуу маселелери боюнча координациялык Кеңешмеде өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын табигый кырсыктардын жана өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө маселе каралып, талкууланып, атайын чечим кабыл алынып, облустук, райондук жарандык коргонуунун башчыларына, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгына жана тийиштүү кызматтарга жеткирилип, атайын тапшырмалар берилген.  2. 2017-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Табигый кырсыктарды алдын алуу” жөнүндө №85-б атайын буйругу чыгып облустук жарандык коргонуунун башчыларына, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдерге, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгына жана тийиштүү кызматтарга жеткирилип, атайын тапшырмалар берилген.  3. 2017-жылдын 21-февралында облустун аймагында өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, кесепеттерин жоюу жана өзгөчө кырдаалдарга дайыма даярдыкта туруу боюнча 2016-жылга түзүлгөн Жарандык коргонуунун иш планынын аткарылышы жана 2017-жылга Жарандык коргонуу боюнча иш милдеттерди коюу жөнүндө маселе каралып, талкууланып атайын чечим кабыл алынып жана райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдерге, айыл өкмөт башчыларына жана тийиштүү кызматтарга протоколдук тапшырмалар берилген. 4. 2017-жылдын 31-марты Коопсуздукту жана укуктук тартибин камсыз кылуу маселелери боюнча координациялык Кеңешменин чечими менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мамлекет тарабынан жардам алып бүгүнкү күндө кооптуу участкада жашап жаткан үй-бүлөөлөргө коопсуз жайга чыгаруу боюнча түшүндүрүү иштерин кылып, көчпөй жаткан жарандарды тийиштүү кызматтар менен биргеликте сот органдарына өткөрүп берүү боюнча тапшырма берилген.  5. 2017-жылдын 11-апрелде райондук мамлекеттик администрация башчыларына кооптуу участкада жашап жаткан үй-бүлөөлөрдү чыгаруу боюнча чечкиндүү жана системалык атайын алдын алуу иштерин алып баруу максатында атайын 05/288 сандуу кат жөнөтүлгөн.  6. 2017-жылдын 13-апрелинде Ош облусунун аймактарында жаз-жай айларындагы сел, жер көчкү жана суу ташкындарынан жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жана өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда туруктуу аракет кылуу боюнча облустук штаб түзүлгөн. 7. 2017-жылдын 13-апрелинде 2017-жылдын жаз мезгилиндеги туруктуу аба ырайында байланыштуу облустун аймактарында өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана аларга ыкчам чара көрүү, материалдык чыгымдарга жана адам өлүмүнө жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн № 201-б буйругу чыгарылган. 8. 2017-жылдын 21-апрелинде Ош автоунаа жолунун 610 чакырымындагы көпүрөнү суу каптоодон улам жууп кетүү коркунучу туулуп, анын алдын ала иш-чаралар боюнча облустук штаб өткөрүп, тийиштүү кызматтарга протоколдук тапшырмалар берилген. 9. 2017-жылдын 29-апрелинде Өзгөн районунун Заргер айыл аймагында 2017-жылдын 29-апрель күнү катталган жер көчкү кырсыгынан жабыр тарткан адамдарды издөө иш-чараларын жүргүзүү жана ыкчам даярдыктарды көрүү максатында “Өзгөчө кырдаал тартипте аткарууга өтүү жөнүндө” № 242-б буйрук чыгарылган. 10. Атайын жумушчу графигинин негизинде Ош облусунун аймагындагы айыл-кыштактарда элдик жыйындар өткөрүлгөн жана жергиликтүү тургундарга кооптуу аймактан көчүп чыгуу, бийлик өкүлдөрүнө болсо тийешелүү чараларды алып баруу тапшырылган.  Бүгүн болуп өткөн коллегиялык кеңешмеде төмөндөгү буйруктардын аткарылышын камсыздоо жана жергиликтүү бийлик тарабынан алып барылып жаткан жумуштар тизмектелип кошумча тапшырмалар КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов тарабынан берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости