www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уран Ахметовдун бул кылганы уят да

Өзү иш билбей, иш билгендерге орун бошотпой, креслого кенедей жабышып алып, мамлекеттин канын соргон жетекчилер тойгузуп бүттү.

Дегеним, Юстиция министри Уран Ахметовдун чабал жетекчи экендигин, кыргыз тилин жериген, кыргызча эки сөздүн башын кошуп сүйлөй албаган министр экендигин көп эле жолу айтып келдик.

Эми дагы бир чабалдыгын айталы. Өткөн жумада бир эмес, эки мыйзамын Жогорку Кеңештен өткөрмөкчү болуп ал жерден комитеттерде каралып, аталган эки мыйзам долбоору тең артка кайтарылыптыр.

Бул эмнени айтат? Шалаакылыкты, ишин билбестикти, анан кенебестикти. Уят да, жакшылап, тыкыр иликтеп, аркы берки жагын тактап анан алып барбайбы жыйынга. Өзү да убара болуп, башкалардын да убактысын алып эзилбей… 

Булак: "Де-Факто"

Последние новости