www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Инди океанынын түбүндө жандуу организмдердин жаңы түрлөрү табылды.

«Scientific Reports» журналында орун алган иликтөөдө, Инди океанынын түбүндөгү ысык булак ресурстарынын айланасында 6 жаңы жандуу организмдердин түрүнүн табылганы белгиленди.

Англиялык изилдөөчүлөр тарабынан аныкталган жаңы жандуулардын арасында ачык күрөң түстөгү краб, деңиз үлүлү, океан сөөлжаны жана кум курту болгону маалымдалды.

Жаңы жандуу түрлөрүнүн океандын түбүндөгү ысык булак ресурстарынын айланасында, деңиз роботтору аркылуу жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө табылганы сөз кылынды.

Океандын түбүндөгү ысык булактар алгач 1977-жылы аныкталган болчу. Ал учурдан бери жандуу организмдердин 400дөн ашуун түрү табылды.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости