www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таалайгүл Токтакунова 2012-жылдан бери Өмүрбек Текебаевдин адвокаты болуп, анын кызыкчылыгын сотто коргоп келсе, 2016-жылдын декабрь айынан бери “Ата Мекен” фракциясынын секретариатын жетектеп келет. Таалайгүл менен азыноолак маектештик.

--Таалайгүл, ажо менен кошо депутат Иса Өмүркулов сотко күбө катары чакырылды. Келерки сот отурумуна келет деп ойлойсуңбу?

--Алмазбек Атамбаев менен Иса Өмүркулов Өмүрбек Чиркешовичтин сот отурумуна келеби же келбейби, чыны билбейм. Ар кимдин өз эрки. Бирок чындыкты айткылары, билгилери келсе,  анда сөзсүз келет. Эгерде жашыруун нерселери болсо, анда келбей коюшат.

--Өмүрбек Текебаевдин жакында чыгарына көзүң жетеби?

--Өмүрбек Чиркешовичти чыгарбай койгонго юридикалык жактан алганда, соттордун  эч  эч кандай жүйөөсү жок. Соттор бийликтин айтканын аткарып, эч бир далилди карабай, туура эмес өкүм чыгарардан мурда, алар эртеңки күнүн ойлошу керек!

--Балдарын атасы менен жолуктурууга болобу? Же бул дагы мыйзам бузууга жатабы?

--Ар бирибизде бала бар. Атасын сагынып, куса болгон кичинекей балдарда эмне күнөө? Атасынын жанына жолотпой жатканы - бул мыйзам бузгандык эмес, мыкаачылык.

--Дача Су боюнча ишиң эмне болуп жатат?

--Бул боюнча иш Октябрь райондук сотто жүрүп жатат. Эми Дача Су боюнча маалымат чынбы же жалганбы, аны убакыт көрсөтөт. Бүгүнкү күнгө чейин жүк кимдики экенин бийлик элге жарыялаган жок. Мунун өзү эле көп суроону туудурат…

Назира Саалиева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости