www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Москва шаарында кечээ, 9-июнда Муз-ТВ телеканалынын сыйлык тапшыруу аземи өттү. Кече күтүлбөгөн окуяларсыз өтпөй койгон жок. Алсак, украиналык белгилүү ырчы Ани Лорак жолдошу Мурат Налчажиоглу менен кызыл килемден өтүп бара жатканда белгисиз бирөө чуркап келип, ырчыны бутунан өйдө өпкүлөп качып кеткен.

Бирок аз өтпөй чуркап келип кайра тийишүүгө аракет кыларда ырчынын жолдошу буту менен пранкерди бир тебүүгө жетишкен. Бул боюнча Ани Лорак: "Алгач эмне болуп кеткенин түшүнбөй, атайын даярдалган шоу окшойт деп ойлодум.

Жолдошум "бул жигит ким, тааныйсыңбы?" деп сурады. Тааныбайм деп айтарым менен ал жерден кетүүнү туура көрдүк, анткени бул нерсенин аягы эмне менен бүтөрү белгисиз эле" деп билдирген.

Пранк – англис тилиндеги "prank" сөзүнөн алынган, "тентектик, тамаша, шакаба" дегенди түшүндүрөт.

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москва шаары

Последние новости