www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кээ бир адамдарга таң калам, чындыкты факт түрүндө айтып, далилдеп берсең да ишенбейт. Кээ бир адамдар бар, Сен Жапаровду колдогонуң үчүн, интернетте аны мактаганың үчүн, видеолорун чыгарганың үчүн канча акча аласың Садыр Жапаровдон, дешет.
Албетте, мен аларды туура түшүнөм. "Кой дагы аксагы менен жүз" деген сөз бар.
Мен ошол инсандарга кайрылат элем;
Мен 2013 жылдан баштап саясатка кызыгып, саясаттын ар түрдүү кызыктарын көрүп билип келем, быйыл 7 жыл болду. Жети жыл ичинде 2 гана саясатчыны колдодум. Алар үчүн колумдан келген жардамымды аябай кызмат кылып келдим жана кызмат кылып жатам. Алар кимдер десеңиздер биринчи колдогон саясатчы бул - Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич болду.
Жаш кезимде бул инсандын кылган иштерин эрдиктерин көрүп кумир тутуп келдим. Чынын айтсам "АТА-ЖУРТ" деген чоң партияны жетектеп турган ошол убакта.
Менин оюмча Кыргызстандын тарыхында эң күчтүү партиянын бири болду десем жаңылышпайм. Тилекке каршы ичи тар, кара мүртөз, колунан жакшылык келбеген бийликте турган чиновниктер бул партиянын ыдырашына болгон күч аракеттерин жасашып партия ыдырап кетти.
Ошол эле Атамбаев, партиянын ыдырашына менин чоң салымым бар деп өзү айткан. Текебаев, Ташиевти алдап "Республика-Ата-Журт" партиясына лидер болуп алган. Куу түлкү саясатчы Бабанов ж.б саясатчылар партиянын ыдырашына себепкер болушкан. Ташиевди колдоп жүргөн убакта дагы бир тыйын акча алсам тешип чыксын. Орозо айында айтып жатам.
Убакыт өтүп, мен колдогон Ташиевди бийлик катуу сындырып койдубу, же куу түлкү саясатчы Бабанов деген кыйтыр неме байлыгы көптүк кылып, бир деме дегенби билбейм. Айтор, саясатты таштап сахнага көп чыкпай калды. Аттиң мен ишенген Ташиев сүйлөгүс болуп калды.
Күндөр өтүп, айлар өтүп, саясатчыларды анализдеп баштадым. Кайсы саясатчы таза, кимиси жакшы иштейт, кимиси мыкты деп баарынан маалымат алдым.
Карасам сапка жарай турган эч эле табылбай жатты. Дагы караштырып маалыматты көбөйтүп олтуруп акыры бир инсанды таптым.
Чынын айтсам мен төрөлүп, эс тарткандан баштап,бир да ошол инсандай эли үчүн күйгөн, жерим деп жүргөн, чыныгы мекенчил саясатчыны көрө элек болчумун. Ал албетте Садыр Жапаров!
Чындык издеп, эмнелерди кылбадым, Саясаттан көп маалымат жыйнадым, Баарын карап бир электен өткөрүп, Чындык айткан ЖАПАРОВду тандадым!!!
Анын кылган иштерин, сүйлөгөн сөздөрүн карап, көрүп угуп олтуруп көзүмдөн жаш агып ыйлап жиберчүү болдум.
"Саясатка аралашкан 10 жыл" деген китебин окусам көзүмдөн кадимкидей жаш акчу. Ошол чындыкты көрүп туруп көрмөксөнгө салган кайран эл! Май баскан көздөрүбүз Бабановтун 1000 сом акчасын көрчү болдуго.
Эээх кайран элим!.. деп кол шилтеп олтуруп калдык.
Садыр Жапаров бир кездерде айткан эле, чет өлкөдөгү "кыргыздарды" чогултам деп.
Мына ошол ишин аткарып жаткан кези. Чет өлкөдө 3 жыл жүрүп мына бизге окшогон "мигранттардын" башын бириктирип койду.Кудайга шүгүр бирибиз кыйналсак, бирибиз жардам берип "Мекенчил" деген атыбызды түшүрбөй келе жатабыз.
Мен кепилдик берип айта алам, биз эч качан акча үчүн Жапаровду колдобойбуз! Биз келечек үчүн колдойбуз Садыр Жапаровду!
Биз эмне үчүн акча алышыбыз керек деген суроо туулат.
Элестетиңиздер, менин келечегимди куруп берем деп өзүнүн жанын сайып, үй бүлөсүн унутуп, "Кыргызстандын" оңолушуна аракет кылып жаткан инсандан, мен кайсыл бетим менен акча алам!Туугандар айткылачы кантип алам ошол акчаны?!
Акча алат деген сөздү жыйыштырып эле коюңуздар!
Бир мисал айтайын,Садыр Жапаров Кыргызстанга кетип жатканда айттык, "жок дегенде жол акыбызга акча бөлүп бериңизчи барып сизди тосуп алууга катышалы",- десек "шартыңар туура келсе баргыла,шартыңар болбой калса барбай эле койгула капа болбойм"- деп айткан.
Мына чыныгы эркектин сөзү!
Эгерде "Мекенчилдер" Садыр Жапаровдон акча алып жатканын, факт түрүндө далилдеп берсеңиздер. Сиздер эмне десеңиздер, баарын аткарганы даярмын!
Эмне үчүн Жапаровго арнап ырлар жазылат?
Көп макала жазылат, видеолор чыгат, чындык айтып ырдаган Сагынбек Момбеков эмне үчүн саясатчылардын ичинен Садыр Жапаровго гана арнап ырдап чыккан?
Себеби бул инсан кылымда бир жаралчу, чыныгы мекенчил инсан! Бийликте тургандардын бардыгынын арты кир, ошондуктан коркушат Садыр Жапаровдон.
Бир күн келет, ушул кылгандары үчүн өтө катуу өкүнүшөт, ал күндөр алыс эмес буйруса...
Булак: NazarNews.kg