www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Текебаев эркиндикке чыккандан соң кайрадан революция жасоого аракеттениши мүмкүн дегендер болуп жатпайбы?

— Атамбаев, Отунбаева же Текебаев болобу, ким гана болбосун бүгүн өлкөдө Атамбаевдин дооруна коошпогон, башка абал өкүм сүрүп жатканын туюп, билип, моюндарына алышы керек. Отунбаева, Текебаев, Атамбаев, Бекназаров 20 жыл бою элдин жашоосун өзгөртөбүз деп тытынып жатып, 2 жолу революция жасашты.

Бирок, эч майнап чыкпады жана эки революция тең мародерчулук жана кан төгүү менен аяктап, элге тыйындай да пайда алып келген жок. Тескерисинче, УӨ мүчөлөрү Атамбаевди сүйрөп бийликке алып келип алышып, кайра өзүлөрү анын тепсендисинде калышты.

Бүгүн өлкөдө башка абал. Бийликте жаңы адам, жаңы лидер турат. Каалашабы, каалашпайбы эл С. Жээнбековду тандап, шайлап алды. Бул жолу бак ага конду. Бүгүн эл аны өлкөнүн жаңы лидери катары кабыл алып, андан көп нерсени үмүттөнүп жатат. С. Жээнбеков убадасына туруп коррупция менен күрөштү активдүү жүргүзүп жатат. Уурдалган миллиондор четинен кайтарылып баштады.

Айрым 25 жылдан бери саясатта жүрүп, коррупцияга белчесинен баткан таанымал чиновниктер соттолуп, жеген миллиондорун кусуп жатышат. Экс-президент Атамбаевдин оң колу, чоң колу, премьер-министрлери, министрлери камакта олтурушат.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости