www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Жаңы Өкмөт башчы болуп бул же тигил келиши мүмкүн деп айтуу кыйыныраак. Себеби, азыр өлкөдөгү саясий, экономикалык жана тышкы саясаттагы абал бир топ оор болуп турат. Ошондуктан, бул өкмөт кетип, ордуна адам издемейинче айтуу эртерээк.

Бирок, кандайдыр бир негиздерди айтсак болот. Өкмөт башчысы боло турган адам биринчи кезекте азыркы президентке жеткиликтүү деңгээлде лоялдуу болуп, анын айтканынан чыкпаган болушу керек.

Экинчиси, Россия кабыл алчу саясатчы болушу шарт. Анткени, биздин өлкөбүздө Россиянын келе турган премьер-министрге карата мамилеси аябай маанилүү.

Үчүнчүсү, коомдук чыңалуу жаралып жатканда, ага каршы тура алчу адам болуусу зарыл. Кийинки премьер-министр негизинен ушул негиздер менен тандалат. Бул негиздер бийлик үчүн абдан маанилүү.

Себеби, жазында митингдер башталышы мүмкүн. Көптөгөн карама-каршылыктар болуп, саясатчылар ойгонот. Ошолордун баардыгы менен тил табыша алган, өз алдынча иш жүргүзгөнгө кудурети жеткен адам тандалат. Ал адам жазында жоопкерчиликти өзүнө алып, элди тынчтантууга, экономикалык маселелерди чечүүгө жөндөмдүү болушу керек. Азыр ошол адамды издөө процесси жүрүп жатат. Андай адамдар өлкөдө жок эмес, бар. Бирок, күчтүү, маселени чече турган адамдан бүгүнкү бийлик өкүлдөрү коркуп жатышат.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости