www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кыргызстандын акчасы жок экенин баары эле билет. Биз кандай гана инагурацияны өткөрбөйлү баары бир дүйнөлүк коомчулук биздин кедей мамлекет экенибизди билишет», - деди бүгүн, 5-февралда NazarNews маалымат агенттигине саясат талдоочу Табылды Акеров.
- Табылды агай, Садыр Жапаров атаандаштарын инаугурацияга чакырганы ынтымакта иш алып баруу аракети деп кабыл алсак болобу?
- Бүгүн Садыр Жапаровдун эң биринчи милдети өлкөнүн, коомчулуктун консолидациясын камсыз кылуу. Коом канчалык биримдиктүү болсо, ошончолук тынчтык өкүм сүрүп, стабилдүүлүк сакталат. Садыр Жапаров биримдикке, ынтыкмакка барарын билдирген. Ошондуктан, президенттик шайлоодогу атаандаштарын өзүнүн инаугурациясына чакырып жатканы бул консолидацияга чакырууга болгон биринчи кадам деп айтсак болот.
Шайлоодо жеңиш бирөөгө гана таандык болот. Бирок, жеңген талапкер өлкөнү жана коомду консалидациялап, тынчтыкты, стабилдүүлүктү камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот.
- Айтмакчы, Садыр Жапаров стереотиптерди жана шаблондорду өзгөрттү. Инаугурациядан каражатты үнөмдөп, ого бетер бечара мамлекет көрүнүп калган жокпузбу?
- Кыргызстандын акчасы жок экенин баары эле билет. Биз кандай гана инагурацияны өткөрбөйлү баары бир дүйнөлүк коомчулук биздин кедей мамлекет экенибизди билишет. Эгер өтө акча чачып өткөрсөк булар президентиинин инаугурациясына миллиондорду коротуп өткөрүшөт, бирок, эртеси алакан жайып, акча сурап калышат деген сөзгө да кабылышыбыз мүмкүн эле. Ошон үчүн инаугурация ошол мезгилдеги өлкөнүн абалына туура келген деңгээлде өтүшү керек. Мисалы, жакында эле пандемия болду. Алдыда дагы бир топ сыноолор турат. Пандемиянын жаңы этабы күтүлөт деген прогноздор бар. Мына ушуларды эске алып, инаугурацияга каралган көп нерселерден Садыр Жапаров баш тартканы туура эле болду деп ойлойм.
- Баса, Садыр Жапаров ыкка, шартка көнгөнү, чоң чыгымдан баш тартам дегени ага акыл айткандар көп болду. Клара Сооронкулова «онлайн ант берсин» десе, БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев инаугурацияны Ата Бейит меморуалдык комплексинде өткөрүүнү сунуштады. Алар эске алчу сунуштар беле?
-Коомчулуктан ар кандай сунуштар айтыла берет. Мисалы, Садыр Жапаров көп нерседен баш тарта берсе болот. Керек болсо онлайн эле ант берип коём деши да мүмкүн эле. Бирок, президенттин аппараты дүйнөлүк тажрыйбаларды эске алып, инаугурация иш чарасын элдин көңүлүнө толо тургандай кылып, жаңы шайланган президенттин аброюн биротоло түшүрүп албагыдай кылып, негизгиси мыкты деңгээлде өткөрүүгө аракет кылды.
- Садыр Жапаров премьер-минитсрлик кызматты өткөрүп бергени, өкмөт мүчөлөрү толук бойдон отставкага кетти. Эми жаңы өкмөткө кимдер мүчө болуп кирсе, мамлекеттин ишин илгерилете алат деп ойлойсуз?
- Жаңы өкмөттүн алдында өтө чоң жүк турат. Эң алды менен, элдин ишенимине жетишүү. Ошондуктан, жаңы өкмөткө мыкты кадрлар тандалып алынышы керек. Өкмөттүн курамынан, Премьер-министрден баштап ар бир өкмөт мүчөсүнө чейин дыкат тандалып алынышы керек. Өкмөт мүчөсү өтө таза, абийири булганбаган, артында калбыры жок, коррупция менен шектелбеген, жаңыча ойлоно алган, идея жарата ала турган, мамлекеттик кызматта тажрыйбасы мол кадр болушу зарыл. Анткени, жаңы өкмөткө кимдер кирсе, ошого жараша саясаттын кайсы багытта жылаары анык болот. Айрымдар бул техникалык өкмөт болот деп жатышат. Андай болсо да, бизде традициялык түрдө президент өкмөттүн курулушуна көбүрөөк таасир берип келет. Ошондуктан, баары бир жаңы өкмөттүн курамы Садыр Жапаров менен байланыштырылат. Ошон үчүн кадрлар мыкты тандалышы керек.
Эсиңиздерде болсо, Грузияда Саакашвили президент болуп келгенде, өкмөткө өтө мыкты кадрларды баарын чакырган. Ошон үчүн ал жакта жылыш дароо байкалган.
Булак: NazarNews.kg