www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Отуз жаштагы каарманыбыз тубаса гемофилия (кандын уюма факторунун жоктугу) оорусунан жапа чегип келет. Аталган дарт муундарга да залакасын тийгизет. Бул оорунун айынан Аскат жана анын жакындары отуз жылдан бери күрөшүп келет. Акырында ал тагдырына кайдыгер карабаган адамдарга кайрылып жардам сураганга аргасыз болгон. Учурда ага эки тизесине протез салдыруу үчүн 6 миң доллар керектелүүдө.

“Ата-энем мага карап шаарга көчүп келишкен”

— Мен Каракол шаарында төрөлгөм. Меникиндей дартка адамдар сейрек кездешет. Тогуз айлык кезимде колумду кесип алыптырмын. Апам катардагы жараат деп ойлоп колумду таңып коёт. Эртең менен мен жаткан жердин баары кан болуп, колумдан кан токтобой агып жатканын көрөт. Ошондо ооруканага алып барышса, доктурлар мага гемофилия деген диагноз коюшкан. Бул айыкпас оору экен. Кичине эле бир жериңди чийип алсаң, канды токтотуш абдан кыйын. Ички органдарда да кан кетүү коркунучу бар. Бул тукум куучу оору, бирок ата-энем жактан бул оору менен ооруган эч ким жок. Ошентип, ата-энем мени бир жеримди тилип алуудан сакташып, тынымсыз дары ичкен жашоом бала кезден башталды. Апамдар дарыланууга мүмкүнчүлүк бар деп Бишкекке көчүп келишкен. Оорумдун айынан 4-класска чейин эле билим алдым. Канчалык корголошкону менен балалык деген балалык экен, ойноп жатып бир жолу бактан жыгылып кеткем. Бел омурткаларыма күч келип 2001-жылдан 2015-жылга чейин бутум баспай арабада отуруп калдым. Кийин Москвада бутума операция жасалып, тиземе протез салышты. Басып калган соң борбор калаадагы окуу жайлардын бирине сынак аркылуу өтүп кеттим. Бир күнү жатаканадагы балдар менен сүйлөшүп отуруп өзүмдү жаман сезип баштадым. Көрсө, мээнин ичинен өзүнөн-өзү кан кетиптир, комага түшүп калдым. Кийин эсиме келсем, сыртта жаз мезгили экен. Апамдан сурасам “март айы” болду деди. Бир нече ай эсиме келбей жандандыруу бөлүмүндө жатыптырмын. Жакшы болуп калганда окуумду улантайын десем менден келбеген күндөрүмө акча сурашты. Бир жагынан дары-дармегим, экинчи жагынан окуум деп ата-энемди кыйнагым келген жок. Ошентип, окуудан чыгып калдым.

“Жашап жаткан үйүбүздү саттык”

— Үч бир туугандын улуусумун. Эки карындашым бар. Бири турмушка чыгып, балалуу болгон. Кичүүсү мектеп окуучусу. Апам ооруканада иштейт, атам ширетүүчү. Эл катары жер тилкесин алып, салган үйүбүз бар эле. Бирок менин дарылануума атамдар карызга, насыяга, үстөк пайызга акча алып кыйналып кетишти. Акырында алардан кутулуу үчүн жашап жаткан үйүбүздү сатууга аргасыз болдук. Кийин батирлеп жашадык. Айрым боорукер адамдар аз акча алып үйүн ижарага берип жатышты. Бирок менин дарым менен батирдин акчасына көпкө чыдай албадык. Аягында кеңешип вагон сатып алып, ичи-тышын жулуулап жашап жаткан кезибиз. Темир болгондон кийин вагон кышкысын суук, жайкысын ысык тартат. Ичине меш коюп тынымсыз от жагып турабыз. Азыр үшүп калбаш үчүн түнү да от жагып жаткан кезибиз. Мен колума бычак кармап, бир жеримди уруп алуудан коркуп жашайм. Кыш мезгилинде тайгаланып жыгылып бир жеримди көгөртүп же канатып албайын деп сыртка да чыкпайм. Карындашымды сабактан тосуп алам, китеп окуйм, колумдан келген үй тиричилигин кылам. Досторум бар, алар келип эрмек болушат. Тоого чыкса да, шаардан жолукса да “биз менен отуруп алаксып кет” деп үйдөн унаага салып кетишет. Аларга аралашканда жан кыйнаган оорумду унутуп, өзүмдү толук кандуу сезип калам. Мен да ушул досторумдай болуп окуумду улантам, иштейм, ата-энеме жөлөк болом деп өзүмдү алдайм. Жакында эле диктор Айнура Кабатай кызынын өткөргөн мастер- класстарына катышып дикторлук боюнча сабак алдым. Буюрса, келечекте телевидениеде иштегим келет. Ал тургай бир телеканалга диктор болууну сунуш кылышты. Буюрса, бутума туруп айыгып алгандан кийин ал кыялымды боорукер адамдардын жардамы менен ишке ашырам.

“Бир куту дары 250 доллар”

— Кокус бир жеримди канатып алсам анымды токтотуу үчүн “Октанат” деген дары колдонулат. Анын бир кутусу 250 доллар. Учурда таяк таянып басам. Азыр бутум кайра ооруп жатат, доктурга барсам экинчи тиземе да протез салдырбаса баспай калуум мүмкүн экенин айтышты. Операция учурунда кансыроонун алдын алуу үчүн бир нече куту “Октанат” дарысы керек дешти. Ал дарыны бекер камсыздап бермей болушту. Азыр негизги көйгөй протезге каражат табуу болуп жатат. Мен боорукер адамдар көп экенине ишенем. Операцияны көтөрүүгө ата-энемдин каруусу келбечүдөй. Аларды аяганымдан эл алдына чыгып жардам сурап келем. Эки тизенин протезине 6000 доллар керектелүүдө.

Аскаттын тагдырына кайдыгер карабаган жарандар анын 0554 70 12 01 (элсом номуруна) кайрылсаңыздар болот.

Анара Дүйшөналиева
Булак: "Lady.kg"

Последние новости