www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жылдын эң мыкты тасмасы» номинациясында «Оскар» сыйлыгын түштүк кореялык режиссер Пон Чжун Хонун «Мителер» тасмасы алды. Бул «Оскардын» тарыхында ушул номинацияда жеңүүчү деп табылган алгачкы англис тилдүү эмес тасма болуп калды. Бул тууралуу "Борбор Азия жаңылыктар" кызматы жазып чыкты. 

«Мителердин» режиссеру Пон Чжун Хо эң мыкты режиссер деп аталды. Мындан тышкары бул тасмага «Эң мыкты чет элдик тасма» жана «Эң мыкты сценарий» сыйлыктары да тапшырылды.

«Мителер» тасмасында бай жана кембагал үй-бүлөнүн мисалында социалдык теңсиздик темасы чагылдырылган.

Быйыл «Эң мыкты тасма» номинациясына «Мителерден» тышкары «1917», «Ирландиялык», «Бир жолу... Голливудда», «Жоджо коен», «Жокер», «Форд Феррариге каршы», «Кичинекей аялдар» жана «Нике баяны» тасмалары көрсөтүлгөн.

Хоакин Феникс «Жокер» тасмасындагы ролу үчүн «Эң мыкты актер» деп табылды. Рене Зеллвегер «Жуди» фильмидеги образы үчүн «Эң мыкты актриса» номинациясын алды.

Брэд Питт «Бир жолу... Голливудда» тасмасындагы ролу үчүн экинчи пландагы мыкты актер номинациясын алды.

«Эң мыкты кыска метраждуу тасма» деп «Туштагы терезе», «Эң мыкты анимациялык фильм» деп «Оюнчуктардын тарыхы – 4» тасмалары табылды.

«Оскар» сыйлыгын тапшыруу салтанаты жекшемби күнү Лос-Анжелесте өттү. Ал экинчи жыл катары менен алып баруучусуз уюштурулду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости