www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир нече күн мурун социалдык тармактарда колунда президент Шавкат Мирзиеевдин сүрөтүн жана балтаны кармап алып, үйүн бузуудан коргоп жаткан аялдын видеосу тараган. Казак басылмаларынын бири nuz.uz билдиргендей, болжол менен окуя Өзбекстандын Сармарканд районунун Гүлобод айылында болгон.

“Мени балдарым менен көчөгө кууп салышты. Бизди алдын ала эскертишкен да жок. Эч ким менин макулдугумду алууга келген эмес, мен бул жакта курулуш иштер болот дегенге кол койгон эмесмин. Эгер ушунун баары болсо, мен үйдөн чыгып кетмекмин. Мен көп иштедим, мен эч кимден коркпойм жан жеримди эч кимге бербейм. Эгер үйдөн чыгарсаңар баарыңарга бензин чачам”,-деп Гүлобод айылынын тургуну колундагы балта менен калтырап кыйкырып жаткан.

Андан кийин видеодо маселени чечүү үчүн ага Самарканддын акимиятына кайрылууну сунуштап жатканын угууга болот. Ага аял мындай деп жооп берген:

“Мен аким жөнүндө эч нерсе уккум да келбейт. Буга чейин ал мага ушундай оорчулук менен тийген үйүмдү сатып салган. Бизди буга чейин бир жолу чыгарып жиберишкен. Ал өзүнүн балдары менен жылуу үйдө отурат. А эмнеге мен үйүмдөн чыгышым керек? Каяка барышыбыз керек? Мунун баары акимиңердин калоосу менен болуп жатат. Керек болсо райондук прокурордун орун басары да бул облустук акимдин калоосу деп кечирим сурап атат. Мен бир гана Шавкат Мирзиеевге ишенем. Мен эч кимге ишенбейм, бир гана президентке ишенем”.

Видео Азим Абдусаламовдун өздүк аккаунтунан алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости