www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жыл. 6-март. Жаздын алгачкы күндөрүндөгү кар аралашкан муздак жамгыр көнөктөп жаап жатат. Көчө суук. Кол чатырын колуна кармап алып, өздөрүнүн тиричилигине шашып бараткан адамдар. Борбордун так ортосунда жайгашкан Улуттук филармонияга жакын Чүй-Манас проспектилеринин кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктө да эл кымгуут. Бирөө муздак тепкичтерди тебелеп ылдыйга шашып түшүп баратса, бирөө тепкичти тебелеп өйдө чыгып баратат.

Курдаштар менен кезигип калып, чай кайнам убакыт жаандан корголоп, ошол жер алдындагы өтмөктүн чыга бериш жеринде маектешип туруп калдык. Ошол маалда биздин жаныбыздагы тепкичте жашы элүүлөрдөн өтүп калган, кайыр сурап томсоруп отурган кыргыз эне көзгө урунду. Жандан өткөн жазгы суукка үшүсө да былк этпей, муздак тепкичте отурат бечара. Колунда кармаган кичинекей стаканы бар, ага анда-санда эл тыйын салып сапар улап баратат. Аттиң, бул бир берилген өмүрдө өз бактысын ошол колундагы стаканча кармай албай колдон түшүргөн көрүнөт. Бул жалган өмүрдө кимдердин гана тагдыры талкаланбады экен... Жаңы эле биз курактуу бир жигит тыйын салып өттү эле, жанагы аял:

-Айланайын, тилегиңе жет! – деп алкап жиберди. Өзүнчө күбүрөнүп кейип-кепчип, ыйлап да алды. Бир саамга ага аяп карап тигиле калдык. Биздин азыр гана божурашып турган сөзүбүз да бат эле бүттү. Сапар уламакчы болдук. Биз да азыр саат жебесиндей жүгүрүп, токтобогон тиричиликке кудум эле жанагы шашып бараткан адамдардай кирип кетүүгө кам урдук. Пенделиктин жүгү ушу бейм. Анан чөнтөктөгү тыйындан ал апанын колундагы стаканга сала кетүүнү эп көрдүк. Арзыбаган тыйындар... Бул тыйындар менен кимдин боору бүтөлүп, кимдин телегейи тегиз болуп жатыптыр. Миллиондорду тутамдап кармап, бирок багы тайган адамдар да бар эмеспи. А талкаланган тагдырларды, жараланган, муздай тоңгон көңүлдөрдү ошол тыйындар да калыбына келтире алса гана... Арзыбаган тыйындар стаканына түшкөндө жанагы томсоргон апа боздоп жиберди:

-Кагылайындар, меникиндей жашоону көрбөгүлө... Айланайындар... Эч кимиңер көрбөгүлө..! Эне жүрөгү кагылып, эне жүрөгү айланбай анан... Анан биз узап баратканда да адаттагыдай кемшейип ыйлаган калыбында үнүн өктөм чыгарып, чок басып алгандай чыркырап жиберди:

-Мен бир кезде экинчи Таттыбүбү болгом, мени тебелеп кетишти... Мени адамдар тебелеп кетишпедиби... Мени адамдар...

Негедир ушул сөздөрдү укканда сырттагы жааган муздак жамгыр көңүлгө тамчылап кеткендей селт эттим. Адатта ар кандай жол менен кайыр сурап калган адамдарды кезиктиребиз. Бирок дагы бир улуу талант болуп калыптанып, эл баалай турчу адамдын тагдыры күйүп кеткенине чындап ичим ачышты... Муздак тепкичтерди тебелеп үнсүз ылдый түшүп кеттик... Муздак тепкичтерди тебелеп өйдө чыгып бараткан адамдар... Ошол тепкичте жашоосун адамдарга тебелетип алган кыргыз айымы... Асманда эч нерседен бейкапар, аруу болсо да балчыкка, кургак жерге да тандабастан тамчылап жаткан аруу, жаздын муздак жамгыры... Сыртта жамгырдын аруулугу менен иши жок колдоруна гүл алып алган мырзалар... Көңүлү гүлдөй ачылып гүл көтөрүп бараткан, кадимки Таттыбүбүгө окшобосо да, өздөрүн Таттыбүбү сезип, жаркырап бараткан айымдар...

Бир канча мезгилден бери эл кан-жанына, акыл-туюмуна сиңирип алып күткөн айымдардын майрамына эки күн калды...

Максат Жангазиев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости