www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үн чыгаруунун (Өкүрүү, кошок кошуу) тарбиялык мааниси

Ал эми кыргыздын каада-салтында каза тапкан адамдын зыйнатын өткөрүүдө үн чыгаруунун (өкүрүк), кошок кошуунун элди тарбиялоодо, багыт берүүдө чоң тарбиялык мааниси бар.

Кыргызда: “Кой, болду! Тарта ыйла!” десе деле болбой жер чапчып, токтобой өкүрө берген адамды эч ким жакшы көрбөйт. Андайлар чанда гана кездешет. Канча киши үн чыгарып келсе, канча киши топтолсо ошол кишинин бул дүйнөдө эл үчүн аткарган кызматын эскерип, урматтап-сыйлоосуна жараша болот.

Эл үчүн иштебеген, бузуку, тарбиясы начар адамга жарытып киши деле келбейт. Жарытып үн чыгарган киши да болбойт. Бул биринчиси. Экинчиси, каза тапкан адам кыргызга тукум калтырдыбы? Артында өкүрө турган уулдарды, кошок кошо турган кыздарды калтырдыбы? Же жеке керт башынын кызыкчылыгын ойлогон, бала-чака күтпөгөн, бакпаган, тарбиялабаган аягы суюк, жандын жыргал күүсү менен жүргөн адамбы?..

Кыргызда кошок кошуунун тарбиялык чоң мааниси бар. Кошок кошуу аркылуу каза тапкан адамдын кайрымдуулугу, жашоо-турмушунда эл үчүн кандайдыр бир жакшы ишти жасоого аракет кылса ага тоскоолдук кылгандардын жоругу аркылуу ал адамдын асыл сапаттарын айтып, элге кылган эмгегин даңзалап, угуп тургандарды Кудайды таанып, билүүгө чакырып, бул жалган дүйнөнүн түбөлүксүздүгүн, ошондуктан жалаң жакшылык кылуу, кечиримдүүлүк, боорукердик, кайрымдуулук гана адамдарга эл тарабынан урмат-сый, атак-даңк алып келе тургандыгын, жаман жашап өткөндөр андай сый-урматка татыктуу болбой тургандыгын кошок аркылуу насааттап, угуп тургандарды эсине келтирип, тарбиялап, жаш муундарга жол көрсөтүп, жашы улууларга эскертип, багыт берип тургандыгы менен башка улуттардан айырмалап, адамдык асыл наркты баалап, таанып, билүүгө үгүттөп-насааттагандыгы менен өзгөчөлүккө жана өзүнчөлүккө ээ болуп саналат.

Азыркы учурда ислам дининдеги кызматкерлер адамдарга Кудайды таанытууну эмес, ислам дининин эреже, жол-жоболорун таанытуу, Кудайга эмес динге баш ийдирүү маселесин биринчи орунга коюп алышты...

Диндерди жана бүткүл Аалам-Асманды, көрүнгөн жана көрүнбөгөн Нерселерди жараткан, жалгыз Жаратуучу жана Талкалоочу, Мээримдүү жана Кааардуу ж.б. толгон-токой сыпаттары бар Кудурети күчтүү улуу Кудай быякта эле калды.Жараткан Кудайдын ордун исламдагы диний агымдардын – “Бир тууган мусулмандар” шериктештиги, “Ваххабизм”, “Салафия”, “Таблиги Жамаат”, “Нуржулар”, “Акромия”, Ахмадия” ж.б.) бийлиги өкүм сүрүп, аягы терракт жасоо, коркутуп-үркүтүү, өлтүрүү аркылуу аяктоодо...

Диндер адамдарды диний эрежелер аркылуу маңкурт кылып, бир элди экинчи элге баш ийдирүүгө ылайыкталып, айрым бир улуттардын, диний миссионерлердин курсагын тойгузуп, чалкалатып бастыра турган, өз мүдөөсүнө диндерди пайдалануу аркылуу жеткире турган, эл аралык саясатка айланган, эң коркунучтуу куралга айланды.

Бүгүнкү күндөгү ислам дүйнөсүндөгү согуштук окуялар, террордук актылар, биздин өлкөдөгү сакалчандардын үймө үй кыдырып, “мечитке барбайсыңбы, Аллахты тааныйсыңбы?!” деп кекете, коркута сүйлөгөнү буга айкын далил...

Абдымамбет Сариев

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости