www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мына ушундай абалда каларымды түк ойлобоптурмун. Анда кепти ток этер жеринен баштайын. Улуу кызымдан кийин жарыкка келген уулубуз абдан көп түйшүк жаратты. Кичине эле жел жүрсө жөтөлүп, чүчкүрүп, эти ысый берчү. Мектепке да көп ооруп баралган жок. Эптеп орто мектепти бүтүрдү деген аты болду. Бирок, бизге кол-кабыш кылуудан сыртта калды. Анткени араң жүргөн балага оор ишти эмес жеңилирээгин деле жасатуудан айбыкчыбыз. Үфүлөп үйлөп жүрүп он тогузга жашын келтирдик. Биз анын караан болуп басып, турганына Кудайга миң мертебе ыраазы элек. Өңү кубарыңкы жүргөн балабызды суук көздөн далдоо кармоого аракет кылчубуз. Кандай болсо да эш тутканыбыз Бектурган эле.
Бир күнү бүк түшүп жатып калды. Доктурларды чакыртып, чакчелекей түшүп эсибиз ооду. Эртеси текшерүүдөн өткөргөн врачтар бөйрөктөрү соо эмес экен деп жүрөгүбүздү опкоолжутту. Акырында оорусу катуулап, бөйрөгүн алмаштыруу маселеси келип чыкты. Донорго кайдагы акча, карманган үйүбүздү сатып операция жасатууга Турцияга учуп кеттик. Донорлукка энеси катары өзүм жарамак болдум. Бала деген өтө ширин экен, бир бөйрөгүмдү берип Бектурганды аман алып калдым. Каргадай болуп арыктаганыма деле кайылмын. Болгону уулум эл арасында басып жүргөнүнө шүгүр дешке даяр элем.
Күнөстүү жергебизге учуп келип, он күндөн кийин мен айылга барып келүүгө аргасыз болдум. Анткени жалгыз агамдын ортончу кызы турмушка чыкмак. Аттиң, ошол жакка барбай койсом балам жанымда жүрмөк деген ой омурткамы сыздатып келет. Эртеси күнү кечке маал капыстан тепкичтен мүдүрүлүп жыгылып кеткен уулумдун бөйрөгү жарылып кетиптир. Доктурлар канча жан үрөгөн менен жанын аман алып калууга дарамети жетпептир. Мен келгенде аны өлүкканага алып барып союп ташташыптыр. Атасы менен эжеси ошол жерде башын ылдый салып, ботодой боздоп турушуптур. Катуу шоктон мен да кулап калыптырмын. Ошентип баламды акыркы сапарга узаталбай зар какшап кала бердим.
Көр турмуш илкип-калкып өтүп жатат. Бөйрөгүмдү берип жашаса экен деп тилеген баламдан айрылып кан какшап отурган кезим. Негедир акыркы мүнөттөрдө анын көзүн, айтаар сөзүн укпай калганыма өзүмдү кечире албайм. Жашоого кызыкчылык таркагандай сезилет. Үйдөгүлөрдүн айткан кеңештери кулагыма кирбейт. Баягы агам болсо менин каарыман алыстап келүүдөн чоочуйт окшойт. Айтор, күндүн өткөнүнө, түндүн киргенине маани бербей калдым. Айрыкча баламдын Турцияда ооруканада жатканда операциядан кийин алгачкы ирет көзүн ачканы, мени жалооруп караганы, бир кашык шорпо ичкени, ууртунан жылмайганы улам тартыла берет. Араң тапкан баламды өрдөк чокуп өлтүрдү мына мен болуп калганыма өкүнөм…
Барчагүл Токсонбаева
Булак: "Ачык сөз"