www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн жылдын аягында Президентибиз Сооронбай Жээнбеков, Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүндө, мамлекетибиздин мекеме, ишканалардын жетекчилерине, министрлерге, мамлекеттик, минуципалдык кызматкерлерине, өкмөттүн структурасында иштеген бардык адистерге, жалпы элибизге коррупцияны жою боюнча кайрылуу жасаган. Анда ал “Акыркы жылдары жемкорлукка каршы күрөшүү Кыргыз мамлекетинин саясатынын башкы багытына айланганы, ал улана берерин, мындан да күчөөрүн” баса белгилеген.
Чындыгында коррупция өлкөнү экономикалык, социалдык өнүгүүсүн артка тартып, элди жакырлантат. Жемкорлук эл казнасын, байлыгын алдамчылык, көз боемочулук менен уурдайт. Мыкты кадрлардын тагдырына балта чабат.Ушул жагдайды терең түшүнгөн, Ош областтык мамлекеттик архив жетекчилиги өлкө башчысынын
кайрылуусун, колго алып, облустук мамлекеттик, жана ага баш ийген 7 райондук мамлекеттик архив кызматкерлерине, жемкорлукту жою боюнча 2018-жылга карата иш — чараларды иштеп чыгышты.
Негизинен коррупцияны жою жана алдын алуу боюнча, Ош мамлекеттик архивдин директору, Салиев Жаныбек Камчыбекович облус архив кызматкерлери, бөлүм башчылары жана аларга баш ийген 7 райондук мамлекеттик архив кызматкерлери менен аңгемелешүүлөрдү өткөрүп, өзү көзөмөлдөп алдын ала чараларды көрөт.
2012-жылы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Президенттин жарлыгы чыккандан тартып эле иштиктүү аракеттер жүрүп, 2014 жылы, “Бирдиктүү терезе” программасы уюштурулуп, видео көзөмөл орнотулган. Ал аракеттер жарандар менен архив кызматкерлеринин байланышын азайтуу максатында болгон. Бүгүнкү күндө жемкорлук кендирди кесип турат. Ошондуктан аны кызматкерлерге түшүндүрүү максатында 24 сааттык, укук коргоо органдары менен сабактарды өткөрүү пландалган. Документалдык кино тасмалар көрсөтүлмөкчү. Өлкө жетекчилеринин кайрылууларын кайра кайра көрсөтүү, уктуруу маалыматтар менен кеңири тааныштыруу иштери колго алынат.
Коррупцияга каршы күрөшүү максатында Ош облустук мамлекеттик архиви тарабынан, Кара-Кулжа, Алай райондук мамлекеттик архивдеринде окуу-усулдук семинарлар өткөрүлдү. Жыйынтыгында райондук мамлекеттик архивдерде “Бирдиктүү терезе” ачылып, ошондой эле арыздардын үлгүлөрү илинип, КРнын мамлекеттик архив мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөм кызматтарына тарифтердин прейскуранты, суроо- талапты аткаруу мөөнөтү, аймактык архивдердин тизмелери, даректери, ишеним телефондору, иштөө графиги мамлекеттик жана расмий тилдерде керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерлерге илинип, жарандар тарабынан даттануулар, ой-пикирлер жана сунуштар салынуучу урна орнотулду жана маалымат бурчун бир түргө келтирүү иш — чаралары аткарылды.
2017-жылдын 13-декабрында Ош областтык мамлекеттик, жана 7 райондук архив кызматкерлери менен кеңири жыйын өткөрүлүп, анда Ош областтык мамлекеттик архивинин директору Салиев Камчыбек Жаныбекович КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана КРнын Монополияга каршы кызматы тарабынан бекитилген “Тутамдашкан коррупцияны жою боюнча иш — чаралардын кадамдары” деген темада, жана директордун орун басары Тешебаева Фарида Жумабаевна паракорчулукту токтотуу максатында “Колуңду тарт” деген темаларда докладдарды жасашты. Жыйында көтөрүлгөн маселелер боюнча бардык кызматкерлерге тапшырмалар берилди.
Айгүл Надирова, Ош шаары
Булак: "Ачык сөз"