www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз элинин унутулгус мындай көөнөрбөс таланттары дагы качан жаралаар болду экен?.. Улуттун улуу сыймыгына айланган атактуу инсандардын тагдыры тууралуу сөз кылып өтөлү...
Бүтүндөй өмүрүн биротоло кыргыз искусствосуно арнаган Бүбүсара Бейшеналиева...
Кыргыз элинин туңгуч балеринасы Бүбүсара Бейшеналиева элибиздин муундан-муунга түбөлүктүү чыгармалары боюнча жүрөк кылдарын титиреткен ролдорду жаратып кетти. Кудум эле ак куу сымал сахнанын көркүн ачкан Бүбүсара искусство чөйрөсүнүн адамы болгон композитор Акмат Аманбаевге турмушка чыгып, 1946-жылы Эрмек аттуу уулду болгон соң, ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам, экөө эки айрым жолго түшүшкөн. Кийин тагдырынын тай күлүк ташы чыгармачылыктан алыс адамдын жубайы болууга алып келет. Анткен менен ал адам менен балеринанын жашоосу узакка созулбады. Ошондон соң, атактуу балерина бүтүндөй өмүрүн биротоло кыргыз искусствосуно арнаган. Кыргыздын таланттуу жаштарына жол көрсөткөн улуу балерина оорунун азабынан улам, 1973-жылы 47 жаш курагында жарыктык менен кош айтышкан.
Көрө албастардын курмандыгына айланган Таттыбүбү Турсунбаева...
Таттыбүбү Турсунбаеванын трагедиялуу тагдыры кыргыз коомунда көрө албастыктын чоң тамгалары менен айтылып да, жазылып да калды. Кылымдар өтүп кыргыз театрынын тарыхындагы сулуунун тагдыры барып-барып армандуу жомок сыяктуу болуп, сахна жылдызы бул жарыкчылыкта ала албай кеткен баасы кылымдар өтсө да аты өчпөстөн, өмүрү уламышка айланган бейне болуп калаар. Улуу талантты жоготкон убак 1982-жыл болчу. Кайран Таттыбүбү 37 жаш курагында бул жарык дүйнө менен кош айтышкан. Ошол күндөн ушул күнгө чейин, Таттыбүбүнүн суктандырган сулуулугу, анын кейиштүү тагдыры тууралуу ар кандай баалуу да, баалай албаган ушак-айыңдар да көлөкөдөй самсый ээрчип, айтылып келет. Айткылачы, теги кыйындын кадырына ким жетти? Бул - кыргыз элинин турмушундагы арылбас шор, кетпес арман... Таттыбүбү атак-даңкка эрте жетип, 16 жаш курагында элге таанылган. Эскерүүлөрдө Таттыбүбүнүн балалык доору бактылуу өтүптүр. Көз тийгендей зор таланттын аялдык бактысы ченелүү болуптур. А балким, турмуштун мыйзам ченеми ушундайдыр... Аттиң арман, көөнөрбөс талантыбыз колдон учуп кеткенче баркын билбептирбиз, баалабаптырбыз...
Ак боз атчан Алыкулдун өмүрү...
Ооба, Алыкул бул жарыктан эрте кетти. Катуу илдетке чалдыгып, дартына даба таппай, 35 жаш курагында оо дүйнөгө узай бербедиби... Убагында аны эч ким деле кадырлап, коомдук масштабда мактап, ардактаган жок. Кургак учук, болгондо да туберкулёздун ачык формасы акынды элден обочо жүрүүгө мажбурлады. Алыкул эл сыяктуу бактылуу үй-бүлө күтүп, артына туяк калтыра албады. Жалгыз чүрпөсүнөн айрылды. Айласыздан бүт өмүрүн чыгармачылыкка, поэзияга арнады. Китеп менен дос болуп жүрүп, өмүрүн өткөрдү. Өлүм сааты улам жакындап калганын жан дили менен сезип, акын ошону чыгарма кылып жазды. Өлүм ирегесин сагаалап, ажал бетме-бет келгенде, Алыкул жарык дүйнөнүн кадырын чындап сезип, натыйжада ой жүгүртүүсү деңиздей тереңдеп, асмандай кеңейди. Анын ысымы ал бул дүйнөдөн өткөн соң гана чыкпадыбы. Балким, акын жок дегенде дагы 35 жыл жашаганда баары башкача болоор беле ким билет? Анткен менен кыргыз тарыхында анын ысымы, көкүрөк-көөдөнүнөн оргуп чыккан ырлары өлбөс-өспөс алтын тамгалар менен жазылып кала берди. Бир гана биздин кемчилик, убагында колдо бар алтынды барктай албагандыгыбызда...
Сүймөнкул Чокморовго 56 жолу оор операция жасалган
Кыргызды дүйнөлүк коомчулукка тааныткан, жалпы кыргыз улутунун сыймыгы Сүймөнкул Чокморов 15 жашына чейин муун оорусу менен ооруган. Анын туулгандан баштап бир бөйрөгү болгон эмес (поликистоз). Ушуга карабастан өзүн аябай иштеп, ролдорду дублёр-каскадёрсуз ойноп, 1982-жылы апрель-май айларында катуу бөйрөк оорусуна чалдыгып, өпкөсүнө суук тийген. 1992-жылдын сентябрь айына чейин жалпы наркоз менен бөйрөгүнө, кан тамырларына 56 жолу оор операция жасалган.
"Театр бермети" атанган Бакен Кыдыкеева
Убагында "Борбор Азия кыздарынын бермети" деген атакка татыктуу болгон, айтылуу кыргыздын улуу актрисасы Бакен Кыдыкеева кыргыз театры үчүн кайталангыс, уникалдуу көрүнүш калтырып кеткен. Тагдырдын кандай гана соккулары болбосун, кабагым-кашым дебестен, "Солк" этпей көтөрө билген, эрки күчтүү аялзаты болгон. Өз мезгилинде анын трагедиялуу өлүмүн иликтеген эч ким болгон эмес. 24 жыл мурда 30-декабрда улуу актрисабызды көчөдөн машине коюп кетип, жанында эч кандай өзүнө тиешелүү документти жок болгондуктан, ким экендиги таанылбай, өлүкканада 15 күн жатып калган экен. Ошончо күн бою аны эч ким издеген эмес. Акыры белгисиз адам катары көмүлө турган болгондо гана аны бир медсестра таанып калып, бул окуя коомчулукка белгилүү болгон.
Орусияга иштегени кеткен Таалай Бектургановдун сөөгү кайтып келген...
Студент кезинен тарта чыгармачылыкка ыктап, ырларды жарата баштаган Таалай Бектургановдун ысымы кыргыз элине тез эле тарады. Кийин "Назира" аттуу чыгармасы чыгып, ар кандай кеп-сөздөр эл ичинде желдей тарады. Чынында, Таалай менен Назира жаш кезинде сүйлөшүп жүрүшчү экен. "Баш кошобуз" дешкенде, кыздын ата-энеси каршы чыгып, аруу тилектери ишке ашпай калбадыбы. 1995-жылы май айында өз айылына ырчылар менен концерт коюп барганда, Жылдыз аттуу кыз менен таанышат. Ал ортодо Чолпон аттуу бир тууганыны бир ишке күнөөлөнүп, камалып калган тура. Таалай менен Жылдыз баш кошоордо "Агам камакта жатса, менин үйлөнгөнүм туура болбой калат. Орусияга барып иштеп, ноябрда келип үйлөнүп, агамды абактан чыгарып, чындык үчүн күрөшөм" деп бир туугандарына айтып кетип, тилекке каршы, "Адилеттик үчүн күрөшөм" деген Т.Бектургановдун Орусиядан жансыз денеси келген экен. Ал курман болгондо, сүйлөшкөн кызы Жылдыз да келет. Маркумдун апасы анын мугалиминен "Кош бойлуу бекен сурачы, баласын өзүм эле багып алам" дегенинде, кыз "Жок" деп башын чайкаптыр. Артында туяк калтырбай кеткени анын үй-бүлөсүн гана эмес, бүтүндөй кыргыз журтун муңга батырды. Ырчы жигит дүйнөдөн өткөндөн кийин, ата-энеси күйүткө чыдабай, биринин артынан бири дүйнө салып кете бериптир.
Эх, бири кем дүйнө...
Булак: "gezit.kg"