www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эээ айланайын сотпай кошоматчылыктын, ташбоорлуктун да чеги болот! Ишенген Атамбаевиң бул дүйнөгө түбөлүк устун болмок беле?! Жашоо деген бумеранг, эртең ал ишенген устунуң карс деп ортосунан сынса азыр айланасында үйүгүшүп жүргөн арзыматтар, "Ха, чириген устун тура, отун кылганга да жарабайт" деп жүзүн буруп кетишет. Алмусактан бери кошоматчылардын сызылган жашоосу ошол! Бирок сенин башыңа "мыйзамсыз иш козгогон" деп жарлык тагылып, Текебаев отурган темиртордо өзүн отуруп калышың толук мүмкүн! Андыктан арыдан-бери болчу! Яппонский городовой! - деген пкирини жазып чыкты белгилүү журналист Семетей Талас уулу өзүнүн Фейсбук баракчасына.
Эске сала кетсек, Өмүрбек Текебаев "Мегаком" компаниясы боюнча орус жараны Леонид Маевскийден пара алган деп шектелип, ушул жылдын 26-февралында кармалган. Анын ишине байланышы бар деген айып менен Дүйшөн Чотонов да камакка алынган.
Учурда соттук отуруму башталды, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун соту кайрадан 8-июнда уланмай болду.
Эки саясатчынын катарына КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун 2010-жылдын апрелинен кийинки төрагасы, "Ата Мекенчи" Шералы Абдылдаев дагы кошулуп калшы ыктымал. Дегенибиз, Шералы Абдылдаевге дагы КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесининин негизинде айып тагылып, издөө салынды.
Андан сырткары, Шералы Абдылдаевге "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевден башка адамдарга карата козголгон кылмыш ишинде саясый фигуранттар бар экени айтылууда.
Булак: NazarNews.kg