www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги иттин тайган тукумун ЮНЕСКОнун деңгээлинде коргоого алууга чакырды.

Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. 

Тайган — Кыргызстандын тоолуу шартында калыптанып байыр алган Борбордук Азиядагы байыркы аңчы иттин тукуму. Негизинен республикабыздын Тянь-Шань аймагында көп кездешет. Ошондой эле ал деңиз деңгээлинен 2-4 миң бийиктиктеги жерде аңчылыкка жарай турганы айтылат.

Долбоордун максаты иттин тайган тукумун коргоону күчөтүү жана сактоо болуп саналат. Ошону менен бирге аны "КРдин материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин улуттук тизмегине" кошуу көздөлгөн.

"Учурда тайган оор абалда турат. Бул тукумду таптакыр жоготуп албаш үчүн коргоого алышыбыз керек", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости