www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) парламенттик кайра шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу кассациялык даттануусун кайра артка кайтарды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдайт.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, Боршайкомдун даттануусу боюнча маселе 29-октябрда каралып, мамлекеттик пошлина төлөгөндүгү тууралуу далили жок болгондуктан кайра өзүнө кайтарылды.

Белгилей кетсек, 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган Боршайком 21-октябрда парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

Эске салсак, “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” уюму менен “Актив” саясий партиясы БШКнын бул чечимине каршы арызданып, Бишкектин Административдик сотуна кайралган. Бул сот органы Боршайкомдун чечимин жараксыз деп тааныгандыктан БШК 28-октябрда кассациялык даттануу менен Жогорку сотко кайрылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости