www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда Тайырбек Сарпашев деген “тосток” көз, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп турганда биометрикалык паспортун керегинче мактап, атты ээрсиз минип, колуна камчы албай, тили кургаганча сүйлөп, ой-тоону карабай чапкылап, президенттин башын айлантып атып ошол системаны киргизген.
Ал тургай, бул “тостоктун” сөздөрүнө таянып, тийешелүү бийлик “Биометрикалык паспорттор бир жыл бою бекер берилет” деп элге жар салган. Аны уккан кыйналып турган кыкең “улуту” деген жери жок экенин уруп ойнобой айла жоктон миңдеген адам электрондук паспорттун ээси болда да калды.
Эми эмне болду, же төө өлбөй же Төкөр өлбөй, же төрдөгүсү өлбөй баягы Тайырбек апыл-тапыл таба калган электрондук паспортун окуй алчу аппараттары Кыргызстанда жок экенин ырдап чыгышты. Ал тургай андай аппараттар жок экенин жергиликтүү ММКлар бир эмес бир нече жолу жазып чыккан. Ар бир нерсени ойлоп тапканда баардын нерсени так кылдаттык менен ойлобогон Тайырбек Сарпашев жиндиби же электрондук паспорт жиндиби?, деген ой жаралат.
Баса, Тайырбек Сарпашевдин "кака" кылып кеткенин эми бул бийлик оңдошу керек. Бийликтегилер, көлөкөдө олтуруп алып көрүнгөн нерсени ойлоп таба бербей карапайым калкты ойлогула. “Улуту - кыргыз” деген графа өткөн бийликти кызыктырбады. Жок дегенде алакандай мээңерди алдын-ала, тырмактай болсо да ой жүгүртүп иш кылсаңар жакшы болот эле. Баягы эле шору бар, шоркелдей карапайым калкты азапка сала бериштин эмне кереги бар. Улуту кыргыз деген жерден графаны алып салгандар кыргыз элинин чыккынчылары.
Мына ошондогу мамлекеттик бийликтин шалаакылыгы. Башында элге кулак салып элдин үнүн угуш керек эле. Кыргызстандын элинин басымдуу бөлүгү тоолуу аймакта жашаган калк. Көпчүлүк эл айылдарда жашайт. Тоолуу аймактарда электр жарыгы бирде жанса, бирде өчүп турат. Анан алар керектүү жерде “эшектин кулагына тийгизип" электрондук паспортун чыйпылдатабы? Кыскасы, электрондук паспорт бизге эртелик кылат болчу.
Эми, КР президенти Сооронбай Жээнбеков токтоосуз Тапылбек Сапылбек /Тайырбек Сарпашев/ уулуна кылмыш ишин козгоп жоопко тартып, паспортту мурдагысындай эле “улуту” деген графаны киргизсе, кыргыз эли колдоп, чоң ыраазычылык болот эле.
-Сооронбай Шарипов, эми калганы Сиздин колуңузда. Кыргыз эли - улуту менен кыргыз. “Бардактын” баарын чыгарып паспорт менен ойногон Тайырбек мырзага жазаңызды колдонуңуз же Сарпашевге мыйзам жокпу?
Булак: NazarNews.kg