www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, тымпыйып олтуруп калуу жагынан биздин «жегичтерге» жел да жетпейт го, чиркин. Эсеби маселен, ушу тапта Жогорку Кеӊештеги «Республика Ата Журт» фракциясынын депутаттары лидери кеткенден бери «алтын балыктын» образында жүрүшөт. Тилден калгансып деле кайчы пикир айтылган жерден үндөшпөйт.
Артыбыздагы былыктарыбыз казылбаса экен деп калбыры барлар түн уйкудан калышууда. Мезгил деген алардын эбак «поктоп» койгонун унуттуруп салат дешет го. Бирок, ар бир жасалган нерсе үчүн жооп берүүгө убакыт келет деген аксиомадан ким кача алат?
Меселен, Жыргалбек Турускуловдун баягы «Чыгышэлектр» тармагын жетектеп тургандагы былыктары кайрадан калкып чыгып жатканын эшиттик. Биз кезде бул боюнча дуу-дуу кеп болуп, аягы тынчыды эле эми кайра калкыса кантээр экен? Же Жогорку Кеӊештин «тосмосу» коргоп кала алабы?!
Булак: NazarNews.kg