www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев Сапар Исаков жетектеген өкмөт «Кумтөр» боюнча келишимге кол койгону үчүн отставкага кетиши керек экендигин маалымат булактарынын бирине билдирди.

«Кумтөр» боюнча бул өкмөт сөзсүз отставкага кетиши керек. 2009-жылдан бери келишимге кол коюла элек болчу. Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев дагы кол койбой койгон. Сапар Исаков бейшемби жумушка келип, дүйшөмбү келишимге кол коюп койду. Бул улуттук кызыкчылыкты тебелегенге барабар», - дейт ал.

Чындыгында эле С. Исаков өкмөт башчылыкка келери менен эле, 2017-жылдын 11-сентябрында "Centerra Gold Inc." компаниясы менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимге кол коюлган. Келишимге ылайык «Кумтөр» компаниясы «Калыбына келтирүү фондуна» жылына 6 млн доллар бөлүп турушу керек.

Ал каражаттын минималдуу суммасы 69 млн долларга жетиши керек жана акча каражаттары келечекте Англиядагы банктан Кыргызстанга которулушу керек. Бирок, мына ушундай макулдашуу үчүн кыргыз өкмөтү «Кумтөр» компаниясына кандай жеңилдиктерди бергени белгисиз. Келишимге кол коюлгандан кийин жарандык активисттер өкмөттөн келишимдин документтеринин толук версиясын ачыкка чыгарууну талап кылышкан. Бирок, бул талап аткарыла элек.

Демек, кандайдыр бир жаап-жашырууга мажбурлаган себеп болушу мүмкүн. Депутат К. Иманалиевдин айтымында «Кумтөр» келишими боюнча кылмыш ишин козгоо тапшырмасы жаңы баш прокурорго берилет. Ошондон кийин гана бул келишимдин күңгөй-тескейи ачыкка чыгышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости