www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас Арабаев эмненин арбайын согууда…

Уялбагандан өзүӊ уял деген кеп бар. Айталы, Президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаев мамлекетибиздин сот тармагын калчап олтурганы боюнча уу-дуу кеп бар.

Дегенибиз, учурда сотторду тандоо боюнча бир гана ушул Манас мырза чечип атат, а түгүл президентти да тоготпой өзүм билемдик менен соттордун тагдырын калчап атканы кеӊири айтылууда. Бирок ошол эле маалда соттордогу «соолуган» фактылар боюнча Арабаев «аа» дей элек.

Маселен, 2016-2017-жылдары сот органдарына 22 600 дөн ашык кылмыш иши келип түшкөн. Алардын 9 миӊге жакыны же 40 пайызы соттор тарабынан кыскартылган же токтотулган. Ошол эле маалда адилеттикти камсыз кылат деп эл үмүтүн арткан соттордун өздөрүнө карата акыркы он жылда 97 кылмыш иши козголгон. Алардын жарымы тергөө тарабынан кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. тАл эми, 46 кылмыш иши сот органдарына жөнөтүлүп, сот тарабынан 23 иш боюнча айыпталуучу кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Соттордун үстүнөн козголгон кылмыш иштеринин 8 гана пайызы боюнча айыпталуучу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бул аталган тармакта коррупциянын тамырды кеӊири жайганын айтып турган жокпу.

Өткөндө Коопсуздук кеӊештин жыйынында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков «Адилеттикке жетпей, узак убакыт бою канчалаган жарандар соттордо жүрөт, соттор ишти атайлап созгон учурлар көп кездешет. Эч кандай өкүм чыкпай, айлап-жылдап СИЗОдо жаткандар дагы бар. Алардын өзү эле эмес, үй-бүлөсү кошо жабыркап жатпайбы. Мыйзамда белгиленген убакта же камалып, же акталыш керек да» - деп сотторго карата коомчулукта терс пикир калыптанганына кеӊири токтолду.

Бирок, Манас Арабаев дагы деле соттор жаатында кадрдык маселени майкандап жатыптыр. Мунун чеги болобу? Сооронбай Жээнбеков, коррупцияга малынган жанында олтурган Манас Арабаевди "соройто" чапканда гана соттордо биртике тартип орнотулат. Манас Арабаев каалаганын калчап олтурганын Жээнбеков билбейби?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости