www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сапар Исаковго 25 суроо

11-апрелде парламенттеги КСДП фракциясы КР өкмөтүнүн отчетун угуп, анын ишин канааттандыраарлык деп тапты. Бул фракциянын мындай чечим кабыл алганын коомчулук “Карга карганын көзүн чукубайт да” деп кабыл алды. Же болбосо "Карга да баласын аппагым дейт" деген күбүр-шыбырлар көбөйдү. Себеби, С. Исаков башында турган өкмөттүн иштеп атканына 8 айдын тегерегинде убакыт өткөнү менен бир көзгө көрүнө турган иш жасалбаганын элдин баары көрүп турат. Тескерисинче эки ирет эл аралык деңгээлде түзүлгөн келишимдерден баш тартуу болуп, өкмөт өз чечимине өзү каршы чыгып, уят болушту. Кыштын кычыраган суугунда Бишкек ТЭЦи иштен чыгып, борбор калаа тургундары бир нече күн үйлөрүндө да жылуу отура алышкан жок. Ошого карабастан Сапар Исаков өзүн-өзү пиарлоодон бошой албай келет. Жасалган иш жок, бирок пиар бар. Андыктан парламенттеги КСДП фракциясынын өкмөттүн ишин канааттандыраарлык деп тапканы көпчүлүккө жакпай турат. Өзгөчө мага окшогон карапайым кыргызстандыктарга. Мен катардагы жаранмын. Эгерде Жогорку Кеңештин депутаты болсом, анда премьер-министр Сапар Исаковго кабыргасынан коюлган 25 суроону узатат элем. Мына ошол суроолор менен анын жүзү ачылмак. Тилекке каршы, ал суроолор депутаттар тарабынан жолдонгон жок. Эл шайлаган эл өкүлдөрү жолдобосо, анда аргасыздан карапайым элдин атынан мен өзүм ошол суроолорду жолдогум келет. Жооп берип коюңузчу, Сапар Жумакадырович.

1.    Сиз 2017-жылдын 18-октябрында Казакстанга баргансыз. Ошол кезде Назарбаев менен жолуктум, чек ара маселеси эртен чечилет деп айкансыз. Бирок анын баары кийин жалган болуп чыгып, чек ара маселеси андан кийин 2 айдан кийин чечилди? Эл аралык деңгээлде жалган айтканыңыз үчүн уялбадыңызбы?

2.    Сиз 2017-жылдын 18-октябрында Казакстанга болгон иш сапарыңызда биздин кызыкчылык корголбогондугуна байланыштуу эки өлкөнүн ортосундагы “жол картасына” кол койбой  койдук деп билдиргенсиз. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жолуккандан кийин ошол эле “жол картасына” эмне үчүн кол койгонсуз?

3.    Сиздин сунушуңуз менен “Лигласс” компаниясына жогорку Нарын каскадынын курулушун беребиз, алар тез арада Нарын ГЭСин курушат деп, ошол кездеги президент Атамбаев баш болуп, келишимдерге кол коюп, жыйынтыгында баарыбыз дүйнө элдерине шерменде болгонбуз. Бирок сиз КР тышкы иштер министрлигинин “Лигласс” компаниясы алдамчы компания деп атайын билдирүү жазганын билип туруп, эмне үчүн ошол компания менен мамлекеттик деңгээлде келишимдерди түзүүгө баргансыз?

4.    Елена Нагорной айымды качантан бери тааныйсыз? Ал жөнүндө массалык маалымат каражаттары жазып чыкпаганда сиз дал ошол айымга “Мегакомду” карматып жибермексиз. Мамлекеттин эң кирешелүү компаниясы “Мегакомду” эмне үчүн бир катардагы көз боемочу Елена Нагорной деген айымга сатууга аракет кылгансыз?

5.    Эсиңизде болсо, “Кумтөр” компаниясы Кыргызстандын жерин өзүнүн кызыкчылыгы үчүн иштетип, натыйжада Кыргызстан экономикалык жана экологиялык ири зыянга учурады деп мамлекеттик комиссия аныктап, “Центерраны” 8 млрд доллар төлөп берүү боюнча эл аралык сотко кайрылган. Эмне үчүн сиз ошол арызды кайтарып алдыңыз? 8 млрд. доллардын ордуна алар 200 млн. доллар менен кутулуп кетишти. Сиз айтып жатасыз, биз эл аралык соттон утулуп калабыз, бул боюнча эл аралык авторитеттүү уюмдардын корутундусу бар деп. Анда эмне үчүн канадалык компания экологиялык зыян үчүн соту жок эле 200 млн. доллар берүүгө макул болушту?

6.    Суу кодексине өзгөртүү киргизип, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн чет өлкөлүктөргө талкалатууга эмне түрткү кылды?

7.    Алаканова деген журналист кызыбыз мурдагы сиздин устатыңыз Максим Бакиевге тийиштүү болгон вип-коттедждер боюнча жакшы аналитикалык материал даярдаган. Ал кызыбыз азыр сурак берип ар эшикти каккылап жүрөт. Вип-коттедждер боюнча чындыгында Алаканова коррупциялык схема бар деп чындыкты айтып чыркыраган экен. Бүгүн вип-коттедждер боюнча мурунку Маммүлк фондунун төрагасы Болсунбек Казаков камалды. Сиздин бул вип-коттедждерге чындыгында тиешениз барбы?

8.    Алаканова Сапар Исаковдун тиешеси бар дегенде чычалап органга кайрылдыңыз эле, эгер Болсунбек Казаков сиздин тиешеңиз бардыгы тууралуу көрсөтмө берсе эмне болот? Казаков да жалган айткан болобу?

9. Сиз Президенттин Аппарат жетекчиси болуп турганда тарых музейин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 1 млрд. сомго тендер өткөрбөстөн эмне үчүн курулуш иштерин баштаткансыз?

10.  Жерүй алтын кенинин лицензиясын сатуудан 100 млн. доллар киреше түшүп, ошол акча каражатына социалдык обьектилерди куруу пландалган. Бирок сиздин жеке киришүүңүз менен ошол социалдык обңектилерге каралган акча каражаттары Ысык-Көлдөгү ат майданын курууга жумшалып кеткен. Эми ошол курулушу токтоп турган социалдык обңектилердин тагдыры эмне болду?

11.  Кен байлыктарды чалгындоо үчүн жайыттарды ижарага алуу ыкмасын киргиздиңиз. Мунун артынан келген экологиялык кесепеттерге ким жооп берет?

12.  Сиз жаңы премьер-министр болгондо күтүүсүздөн эле “Манас” аэропортуна барып, жетекчисин тилдеп, кезек күткөн системаны жоюу тапшырмасын берип, анын артынан бир TAV Airports деген түрк фирмасынын кулагын чыгарган элеңиз. Ал фирма 250 млн. доллар каржылайт, 25 жылга ижарага берилиш керек дегендей. Ушул компания боюнча оюуңузду айтып койсоңуз?

13.  Сиз премьер министр болуп келип эле 2017-жылдын 1-октябрында Бишкек шаарынын эки көчөсүндө “Акылдуу шаар” долбоору ишке ашат деп убада бердиңиз эле? Ошол убадаңыз эмне себептен ишке ашпай калды? 

14.   Сиз “Акылдуу шаар” долбоорун кытайлык HUAWEI компаниясы менен ишке ашырам деп жатканыңызда депутаттар айтышкан, “өзүбүз турмушка ашырсак болбойбу?” деп. Эмне үчүн сиз ошондо “биз баардык мүмкүнчүлүктөрдү карап чыктык, HUAWEI компаниясы менен ишке ашыруудан башка жол жок” деп айткансыз?

15.  Президенттик шайлоо мезгилинде Нарын облусунда эл менен жолугушуп, Бабановдун кенешчиси Кайсар Абылкасымов 25 млн. доллар менен кармалды деп эмне үчүн жалган айткансыз? Муну тастыктаган видеоматериал да интернет сайттарга жарыяланып кеткен. Мамлекеттик жогорку кызматта туруп жалган айтуу үчүн жоопкерчилик болбойбу?

16.  Өкмөттүн түз милдеттеринин бири күзгү жыйым-терим, кышка даярдыкты текшерүүдөн өткөрүү. Күзгү оруп-жыйноо иштери менен практикалык таанышуу үчүн кайсыл аймакка барып, кимге эмне тапшырма бергенсиз?

17.   Кышка даярдык көрүү боюнча аткарылган жумуштарды практикалык текшерүүдөн өткөрүү үчүн кайсыл аймакта жана кайсыл энергетикалык, жылуулук обьектилеринде болуп, эмне кемчилдиктерди көргөнсүз? Кетирилген кемчилдиктерди жоюу боюнча кайсы мамлекеттик органга эмне деген тапшырмаларды бергенсиз?

18.   Бишкек ТЭЦтин кышка даяр экендигин өз көзүңүз менен көрүү үчүн атайын жумушчу сапары менен баргансызбы?    

19.  Эмне үчүн жаңы курулган Бишкек ТЭЦтин химиялык блогун курбай туруп иштетүүгө уруксат бергенсиз?

20.  Сиз мактап, жактап алып келген жаш реформатор, технократтар Зилалиев, Шадиев, Момуналиев, Абдыгуловдор кайда?

21.   Кайсыл кеңешчиңиз Өкмөттүк деңгээлдеги кайсыл программаны ишке ашырды? Конкреттүү кайсыл программаны иштеп чыгышты?

22.   Жөлөк пул маселеси эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин чечилбей турат?

23.    КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы өзгөчө статусу бар чек ара аймактарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа иштелип чыккан. Эмне үчүн ошол программада курулушу жеке ишкерлер тарабынан бүткөн обьектилерге акча бөлүнүп калган? Эмне үчүн ушул программада Ош облусу каралбай калган? Эмне Ош облусунун Араван, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай, Кара-Суу райондору башка мамлекеттер менен чектешкенин билбейсизби? 

24.    Сиздин токтомуңуз менен 6 чоң компания анын ичинде Манас аэропорту, Макмал, Кумтөр жана башка ишканалар тендерсиз сатып алууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк алышкан. Бул ишканалардагы сатып алуудагы коррупциялык схемаларына ким жоопту болот?

25.  КР өкмөтү жайгашкан имарат өзү болгону 3 кабат экени белгилүү. Буга чейин өкмөт башчылыкты сизге караганда жашы улуу жетекчилер аркалап келген. Алардын баары эле тепкич менен жөө көтөрүлүп жүрүшкөн. Азыркы тапта сиз өкмөт үйүнө лифт орнотуу аракетин көрүп жатыптырсыз. 3-кабатка көтөрүлүү сизге кыйын болуп атабы?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости